Пособияга жолок пул кандай документтер керек, кайда откором?
Менин 4 балам бар — улуусу 11, 9, 5, кичуусу 2айлык балдарыма
жолок пул ала аламбы алсам, кандай документтер керек кайда откором?
Саламатсыналарбы,
16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпул
"Үй-бүлөгө көмөк" дайындоо үчүн кайсы документтер керек
- паспорт;
- факт түрүндө жашаган жеринен үй-бүлө курамы тууралуу маалымкат;
- балдардын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк;
- үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси тууралуу маалымат;
- банктык маалымдаректер.
Керек болгон учурда кошумча берилет:
- ишсиз эмгекке жөндөмдүү үй-бүлө мүчөлөрү үчүн иш менен камсыз кылуу органдарынан маалымкаттар;
- жердин өлчөмүн жана түшүмдүүлүгүн көрсөтүү менен жердин барлыгы тууралуу маалымкат;
- мал чарбасынын түрү жана саны тууралуу маалымкат;
- статусту же кирешени тастыктоо зарылдыгына жараша башка документтер
С уважением,
Муратбек Азимбаев
тел.: +996 700 987794; +996 776 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Эл.почта: muratbeka@gmail.com
Twitter: @MuratbekAz
ОЧЕНЬ ВАЖНО! Смотрите Дисклеймер в правом верхнем углу нажав гиперссылку выделенный красным шрифтом "Дисклеймер".