Жеке менчик садиктер кандай режимде иштеш керек майрам кундору?

№86851 | 21.11.2021 | Просмотров: 1067

Саламатсызбы?

Жеке менчик садиктер майрам кундору иштебейт. Бирок ошол дем алган кундоруно биз акча толоп берууго милдетендирет?

Биздин балдар барбай калса ага кошумча акча сурашат

Подписаться
Уведомить о
2 ответов
Старые
Новые Популярные
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Участник
22.11.2021 10:44

Салматсыналарбы, "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы  2009-жылдын 29-июну № 198 (КР 2011-жылдын 8-августундагы № 150, 2014-жылдын 30-майындагы № 82 , 2021-жылдын 23-мартындагы № 38 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)  httр://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/202646/40?cl=ky-kg&mode=tekst 7-берене. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түрлөрү   1. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын төмөндөгүдөй түрлөрү болушу мүмкүн: — 6 айдан 3 жашка чейинки балдар үчүн ясли, мында ушул курактагы балдарды багуу, окутуу, тарбиялоо жана өстүрүү камсыз кылынат; — 6 айдан 7 жашка чейинки балдардын ясли-бакчасы, мында ушул курактагы балдарды багуу, окутуу, тарбиялоо жана өстүрүү камсыз кылынат; — 3 жаштан 7 жашка чейинки балдардын бала бакчасы, мында ушул курактагы балдарды багуу, окутуу, тарбиялоо жана өстүрүү камсыз кылынат; — ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген (сөз сүйлөөсү, интеллектуалдык өсүшү, көрүүсү, угуусу, таяныч-кыймылдоо аппараты бузулган) балдар үчүн адистешкен атайын бала бакча; — балдар үйү — жетим балдар жана ата-энеден кароосуз калган балдар (3төн 18 жашка чейинки) үчүн билим берүү, тарбиялоо уюму, мында окутуу жана тарбиялоо толугу менен мамлекеттин эсебинен жүзөгө ашырылат; — бөбөктөр үйү — жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдарды, ошондой эле мамлекеттин эсебинен күтүлгөн 3 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды медицина-социалдык жактан коргоочу саламаттык сактоо системасынын мектепке чейинки билим берүү уюму; — балдарды өстүрүү борбору, мында балдардын дене-күч жана психикалык өсүүсү, баланын өсүүсүндө жекече керектөөлөрүн эртелеп табуу, диагностикалоо жана атайын билимди жана аны менен байланышкан кызматтарды көрсөтүү камсыз кылынат, ошондой эле башка окуу жайларында же тарбиялоо үйлөрүндө тарбияланышкан балдардын ден соолугун чыңдоо жүзөгө ашырылат; — үй-бүлөлүк балдар үйү, мында 2ден 18 жашка чейинки курактагы жетим балдар жана ата-энесинин кароосунан ажыраган балдар тарбияланат;… Подробнее »

Участник
22.11.2021 10:54

8-берене. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын милдеттери   1. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын милдеттерине төмөнкүлөр кирет: — мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын Мектепке чейинки билим берүүнүн мамстандартынын талаптарына ылайык келишин камсыз кылуу; — инклюзивдик билим берүүнү ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү; — балдардын мектепке чейинки билим алууга болгон керектөөлөрүн канааттандыруу; — балдарды тарбиялоо, окутуу жана өстүрүү, алардын дене-күч жактан өсүшү жана ден соолугун чыңдашы үчүн санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык коопсуз шарттарды түзүү жана ушул талаптарды сактоо; — балдарда сергек жашоо ыңгайынын гигиеналык көндүмдөрүн жана негиздерин, коопсуз жүрүм-турумдун ченемдерин калыптандыруу; — балдардын ден соолугун коргоого жана чыңдоого көмөк көрсөтүү; — балдарды багууну жүзөгө ашырууну; — балдарды курагына жана азык-заттарды керектөөсүнүн физиологиялык ченемдерине ылайык тамак-аш менен камсыз кылуу; — ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) менен өз ара байланышты жүзөгө ашыруу; — ата-энелердин арасында мектепке чейинки курактагы балдарды өстүрүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө психологиялык-педагогикалык билимдерди жайылтуу; — мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын топторун Мектепке чейинки билим берүүнүн мамстандартына ылайык комплекттөөнү жүргүзүү; — финансылык тартипти сактоо, материалдык-техникалык базаны сактоо. 2. Мектепке чейинки билим берүүнүн ишине жана натыйжаларына мониторинг жана контроль жүргүзүүнүн тартиби Мектепке чейинки билим берүүнүн мамстандартына ылайык аныкталат. Мектепке чейинки билим берүү жаатында билим берүү кызматтарын көрсөтүү боюнча иш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда иштин лицензиялоочу түрү болуп эсептелет. 3. Менчиктин жекече формасына негизделген мектепке чейинки билим берүү уюму мыйзамдарда белгиленген тартипте мектепке чейинки билим берүү жаатында билим берүү кызматтарын көрсөтүү укугуна берилген лицензиясы бар болгондо өзүнүн ишин жүзөгө ашырат. 4. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун иштөө режими, анда балдардын болушунун… Подробнее »

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв по ссылке