Саламатсыналарбы, Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускама, Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 Никелешүүнү мамлекеттик каттоо 32. Никелешүүнү мамлекеттик каттоо никеге туруп жаткан адамдар кайрылган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт. Никелешүүнү мамлекеттик каттоо нике курагына толгон адамдарга карата жүргүзүлөт. Эркектер жана аялдар үчүн нике курагы жүйөлүү себептер болгон учурда жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн комиссиялык корутундусунун негизинде бир жылдан ашык эмес төмөндөтүлүшү мүмкүн. Никеге туруп жаткан адамдардын ишеним каты боюнча, ошондой эле өкүл аркылуу никелешүүнү мамлекеттик каттоого жол берилбейт. Никелешүүнү мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй документтер берилген учурда бир айлык мөөнөт өткөндөн кийин жүргүзүлөт: — никеге туруп жаткан адамдардын биргелешкен арызы; — биргелешкен арыз берүүгө мүмкүн болбогон учурда, никеге туруп жаткан адамдардын өзүнчө арыздары; — никеге туруп жаткандардын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер; — эгерде алардын бири мурда никеде турган болсо никесинин бузулгандыгы тууралуу күбөлүк; — мурдагы никеде жубайлардын бири каза болгон учурда өлгөндүгү тууралуу күбөлүк; — эгерде никеге туруп жаткан адамдардын биринин жашы жете элек болсо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн корутундусу. Эгерде никеге туруп жаткан адамдар белгиленген күнү никелешүүнү мамлекеттик каттоого келишпесе, анда никени каттоо арыз берилген күндөн тартып 3 айдын ичинде жүргүзүлөт. 3 ай өткөндөн кийин никеге туруп жаткандар никелешүүнү мамлекеттик каттоого жаңы арыз берүүгө милдеттүү. Эгерде никече туруп жаткандардын биринин, эркектин же аялдын биргелешкен арыз берүү үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органына келүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, никеге туруп жаткан адамдын каалоосу никелешүү тууралуу өзүнчө арыз менен таризделиши… Подробнее »
34. Жубайлардын тандоосу боюнча никелешүү тууралуу актыны жазууга жубайлардын жалпы фамилиясы же никеге туруп жаткан адамдардын биринин никеге чейинки фамилиясы киргизилет.
Жубайлар жалпы фамилия катары жубайлардын биринин фамилиясын тандап алышат же болбосо аялынын фамилиясын күйөөсүнүн фамилиясына бириктирүү аркылуу түзүлгөн фамилияны жубайлардын бирине жазууга укуктуу, мында жубайлардын фамилиясы жазууда дефис менен бириктирилген экиден ашпаган фамилиядан турушу мүмкүн.
Эгерде улуттук салт боюнча фамилияга ээ жубайы -ов менен аяктаган жубайынын фамилиясын алууну кааласа, анда жубайына -ова менен аяктаган фамилия ыйгарылат жана атасынын аты жубайынын атасынын аты менен толукталат (каалоосу боюнча).
Никеге туруп жаткан адамдардын фамилияларын улуттук салт боюнча "уулу"/"кызы" деп жазылган фамилияга өзгөртүүгө жол берилбейт.
35. Жубайынын фамилиясын алган жубайлардын биринин паспорту бир айдын ичинде милдеттүү алмаштырылууга тийиш.
36. Түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан соттолгон адамдар менен никелешүүнү мамлекеттик каттоо түзөтүү мекемеси жайгашкан жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органынын бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт.
37. Соттолгон адам никелешүү жөнүндө арыздын өзүнүн маалыматтарына тийиштүү бөлүгүн толтурат. Көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгы, соттолгон адамдын колу тийиштүү документтерди (соттолгон адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти (паспортту), аталган түзөтүү мекемесинде кармалгандыгы тууралуу маалым катты) берүү менен түзөтүү мекемесинин начальниги тарабынан текшерилет жана күбөлөндүрүлөт.
Соттолгон адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документи (паспорту) жок болгон учурда никелешүүнү мамлекеттик каттоо жүргүзүлбөйт.
38. Соттолгон адам менен никелешүүнү мамлекеттик каттоо никеге туруп жаткан адамдардын катышуусунда, түзөтүү мекемесинин администрациясы аныктаган жайда жарандык абалдын актыларын жазуу органы менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
39. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар эгерде Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башка каралбаса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте нике жана үй-бүлө мамилелеринде Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей укуктарга ээ жана жоопкерчиликке тартылышат.
40. Кыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам менен никелешүүсүн мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан төмөнкүдөй документтер берилген учурларда жүргүзүлөт:
— белгиленген формадагы биргелешкен арыз;
— эгерде никеге туруп жаткан адамдардын биринин биргелешкен арыз берүү үчүн жарандык абалдын актыларын жазуу органына келүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, никелешүүнү каалаган адамдардын өзүнчө арыздары, мында чет өлкөлүк нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн арыз легалдаштырылууга тийиш;
— никеге турууну каалаган адамдардын ким экендигин күбөлөндүргөн документтер;
— эгерде Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башка каралбаса, белгиленген тартипте консулдук легалдаштыруу же апостиль тууралуу белгиси бар, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу менен чет өлкөлүк жарандын жараны болуп саналган мамлекеттин аймагында катталган никеде турбагандыгын ырастоочу маалым кат. Мурунку никесинин токтотулганын ырастоочу документтер (никесинин бузулгандыгы тууралуу, өлгөндүгү тууралуу күбөлүк, соттун чечими) талап кылынбайт.
Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында чет мамлекеттердин жарандарынын ортосунда никелешүүнү мамлекеттик каттоо жүргүзүлбөйт.
Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв по ссылке