Задаток (насыя), кантип кайтарып алсак болот?

№67421 | 18.08.2020 | Просмотров: 398

Биз 83 мин $га бааланган уйго 3мин$ задаток берип. 52 мин$ озубуздун уйду беребиз калган сумманы 2айдан кн беребиз уй сатылса наличка.

Сатылбаса обмен деп уй саткан адам билген мн эмес экен агент мн суйлошуп алыптырбыз.

эми уй саткан адам кв кереги жок наличка бергиле деп жт берген 3мин $ кантип кайтарып алсак болот?

Подписаться
Уведомить о
1 ответ
Старые
Новые Популярные
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Участник
18.08.2020 19:26

Саламатсыналарбы,

Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 1996-жылдын 8-майы № 15

httр://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/4/650?cl=ky-kg&mode=tekst

§ 6. Насыя (задаток)

354-статья. Насыянын түшүнүгү. Насыя жөнүндөгү келишимдин формасы

1. Насыя деп келишим түзүп жаткан тараптардын бири келишим түзүлгөндүгүнүн далили катары жана анын аткарылышын камсыз кылуу үчүн келишим боюнча өзүнүн төлөмдөрүнүн эсебинен экинчи тарапка берүүчү акчалай сумма эсептелет.

2. Насыянын суммасына карабастан насыя жөнүндөгү макулдашуу жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш.

3. Тараптын келишим боюнча төлөмдөрүнүн эсебинен төлөнгөн сумма насыя катары эсептеле тургандыгы, атап айтканда, ушул статьянын 2-пунктунун эрежесинин сакталбагандыгынын натыйжасында күмөн туудурган учурда, эгерде башка далилденбесе, бул сумма аванс катары төлөндү деп эсептелинет.

 355-статья. Насыя менен камсыздалган милдеттенменин токтотулушунун жана аткарылбагандыгынын натыйжасы

1. Тараптардын макулдугу менен же аткаруу мүмкүн болбогондугунан улам милдеттенменин аткарылышы баштала электе токтотулган учурда насыя кайтарып берилүүгө тийиш.

2. Эгерде келишимдин аткарылбагандыгы үчүн насыя берген тарап жоопкер болсо, анда ал экинчи тарапта кала берет. Эгерде келишимдин аткарылбагандыгы үчүн насыяны алган тарап жоопкер болсо, анда ал тарап экинчи тарапка насыянын эки эселенген суммасын төлөп берүүгө милдеттүү.

Мындан тышкары, келишимдин аткарылбагандыгы үчүн жоопкер тарап, келишимде башка белгиленбегендиктен, экинчи тарапка насыянын суммасын эсепке кошуу менен анын тарткан зыяндарынын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү

С уважением,

Муратбек Азимбаев

тел.: 0700987794; 0776987794; 0550987794 WhatsApp, Telegram, Signal

Эл.почта: muratbeka@gmail.com

Skype: muratbek.azimbaev

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв по ссылке