Военный билетти кантип алсам болот

№65096 | 17.06.2022 | Просмотров: 1693

 

Мен орто мектепти 2014-жылы бүтүп, ЖОЖго тапшырып «бакалавр» даражасын 2018-жылы аяктап, ошол эле жылы «Магистратурага» тапшырып 2020-жылы бүтүрүп жатам.

Военный билет ала элекмин. Жашым 2020-жылдын октябрь айында 25жашка толом.

Военкомат альтернатива же 50 000сом төлөп бир айлыкка барсаң болот деп атышат.

Мыйзам боюнча менин кандай укуктарым бар,төмөндөгү жолдор туурабы?

Рахмат!

3 ответов
Старые
Новые Популярные
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Участник
17.06.2020 20:46

Саламатсыналарбы, 2009-жылдын 9-февралы № 43 Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасын мыйзамынын негизинде: httр://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/202536?cl=ky-kg Альтернативдик кызматка чакыруу жана өтөө 32-берене. Жарандарды альтернативдик кызматка чакыруу (КР 2016-жылдын 30-июлундагы № 158Мыйзамынаылайык күчүн жоготту) Он сегизден жыйырма беш жашка чейинки курактагы чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу укугуна ээ эмес, же болбосо чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу укугунан ажыраган, мөөнөттүү аскер кызматын өтөбөгөн эркек жаран: төмөнкүлөр альтернативдик кызматка чакырылууга тийиш, эгерде ал: — ынанымы курал колдонууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат өтөөгө жол бербеген каттоодон өткөн диний уюмдун мүчөсү болуп саналса; — (абзац КР 2017-жылдын 1-декабрындагы N 196 (1) Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) — (абзац КР 2017-жылдын 1-декабрындагы N 196 (1) Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) төмөнкүлөр альтернативдик кызмат өтөөгө укугу бар, эгерде ал: — чакырылып жаткан адамдан тышкары он сегиз жашка чейинки төрт жана андан да көп балдары бар болгон үй-бүлөдөн жана чакырылган адам балдардын улуусу болсо; — ата-энелеринин бири I же II топтун майыбы болгон үй-бүлөдөн жана чакырылган адам үй-бүлөнүн багуучусу болсо; — ата-энелеринин бири же ага-иниси (эже-карындашы) аскердик кызмат өтөө мезгилинде, болбосо андан кийин аскердик кызмат өтөө мезгилинде чалдыккан мертинүүгө (жаракат, травма, контузия алуу) жана ооруга байланыштуу майып болуп калса; — ата-энелеринин бири же ага-иниси (эже-карындашы) аскердик кызмат өтөө мезгилинде, болбосо андан кийин аскердик кызмат өтөө мезгилинде чалдыккан мертинүүгө (жаракат алуу, травма, контузия) жана ооруга байланыштуу өлүп калса (курман болсо); — аялы жана бир баласы бар болсо; — ал ата-энеси пенсия курагына жеткен үй-бүлөнүн жалгыз баласы болсо; — жалгыз бой эненин… Подробнее »

Участник
17.06.2020 20:54

Аскер комиссариаттын кызматкерлери туура эле маалымат беришкен.

Участник
17.06.2020 22:01

Саламатсызбы!

Коллегамдардын жоопторуна кошумча: Эгерде ЖОЖ окуп жатканда райондук аскер комиссариаты сизге мыйзамдуу турдо аскер кызматына чакырууга отсрочка оздору берсе, анда 25 жашка чыга эоекте альтернатива аскер кызматына чакырылып 18 000 сом кана толосонор болот. Ал эми отсрочка берибесе, анда 25 000 сом толошунор керек болуп калат. 25 жашка чыккандан кийин мыйзамдуу трудо отсрочка берилсе, эч кандай акчасыз эле аскердик билети берилет, отсрочка берилбесе, анда 25 000 сом толоп аскердик билет алганга укуктуусуз. Ал эми биринчи категориядагы аскердик билет керек болсо 1 ай мобилизациялык резервдин сборун отуп аскердик билет алсанар болот. Баасы жогорудагы коллегамдар корсотуп кеткен Мыйзамдын негизинде 50 000 сом тузот.

Урматым менен, А. Сыдыков.

Контакттар: a_sydykov@mail.ru же 0701 680 480.

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв по ссылке