Жашатарды бириктирген уюм ачалы дегенбиз

№27046 | 20.08.2022 | Просмотров: 232

Жашатарды бириктирген уюм ачалы дегенбиз эмне кылабыз жана ачкандан кийин кайсы жактарга отчет тапшырып турабыз

Подписаться
Уведомить о
1 ответ
Старые
Новые Популярные
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Участник
20.09.2017 17:30

Саламатсызбы,

1. Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган, башка юридикалык жактардын аталышынан айырмаланган аталышты тандоо;
2. Төмөнкүдөй каттоо документтерин даярдоо жана тапшыруу:
— каттоо арызын (Формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 28.01.2011-жылындагы № 31 токтому менен бекитилген);
— коомдук бирикмени түзүү жөнүндө чечимин (чечим “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 11-беренесине ылайык келүүсү зарыл);
— коомдук бирикменин жетекчисинин кол тамгасы коюлган, эки нускадагы уставды;
— коомдук бирикменин жетектөөчү органынын мүчөлөрүнүн фамилиясы, аты-жөнү, туулган жылы, шайланган кызматы көрсөтүлгөн тизмесин;
— фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын жана адресин көрсөтүү менен коомдук бирикмени түзүүнүн уюштуруучуларынын тизмесин.
Тизмеге уюштуруучулардын кол тамгасы коюлат, бирок алардын кол тамгасы нотариалдык күбөлөндүрүлүшү зарыл;
— түзүлүп жаткан коомдук бирикменин жетекчисинин паспортунун көчүрмөсүн.
— коомдук бирикменин уюштуруучуларынын саны үчтөн кем эмес аракетке жөндөмдүү жеке жактардан түзүлүшү керек;
— жеке жактар гана коомдук бирикменин мүчөсү боло алат;
— чет тилде түзүлгөн документтер каттоочу органга мамлекеттик же расмий тилдеги нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен кошо тапшырылат;
— чет өлкөлүк катышы бар коомдук бирикме Юстиция министрлигинде катталат, ал эми чет өлкөлүк катышы жоктору – юстициянын аймактык органдарында.
Урматоо менен,
A-Consult юристи
Калыбаев Султан
996558239888
996705239888
Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв по ссылке