Уйго документ кантип жасатам
№71112 | 18.02.2021 | Просмотров: 1432
20 жыл мурун чек сатып алганбыз бир кишиден ал документ кийинчерек кылып берем деген болчу ал киши архитектурада иштейт.
дагы деле документ жок участокго, убакытты дагы деле чоюп журот ал киши, уй салынган свет суу баарын озубуздун атыбыздан келет квитанциялар.
Эмне кылсам болот?
Сиз, биринчи турак үй жайгашкан жердин кадастр номери аркылуу жер аймагы кимге катталгандыгын тактап алыныз. Эгерде, жер аймагы жеке турак жай салуу үчүн сиз сатып алган адамга тиешеси жок болсо же жер аймагы эч кимге бөлүнүп берилбесе, анда тиешелүү тартипте жергиликтүү мамлекеттик органга жеке турак салуу үчүн жер аймагын бөлүп берүүгө арыз менен кайрыласыз. Ал эми тетирисинче, жер аймагы башка адамга чечим кабыл алынып катталган болсо анда ал адам менен келишим түзүү зарыл эгерде мыйзамдуу болсо.