Восстановить обучение
№68748 | 11.01.2020 | Просмотров: 1
Бакалавр стстемада 2жыл окуп , турмуш шартыма байланыштуу РФсына учуп кетип, окуу менен байланыш узулду. Кантсем болот эми ?
Акча беришим кк болобу калтырган кундорумо же кимге кайрылсам жардам Бере алат?
Саламатсыналарбы, сиздин маселениз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 токтому менен бекитилген"Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттерин которуунун, окуудан чыгаруунун жана "окууга калыбына келтирүүнүн тартиби жөнүндө Жобо негизинде httр://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/96043/10?cl=ky-kg&mode=tekst ошондой эле сиздин оку жайыныз менен тузулгон келишим беренелери менен чечилет: 5. Студенттердин катарына калыбына келтирүү 25. Калыбына келтирүү семестрдин аякталышы менен тиешелүү курста студентти кызыктырган адистик/багыт боюнча орун болсо, студенттин жеке арызы менен (6-тиркеме) жана академиялык маалымкатты көрсөтүү менен жүзөгө ашат. Ошол эле ЖОЖдо мурда окуудан чыгарылган студентти кайрадан калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү студенттин окуу карточкасынын/транскриптинин негизинде каралат. 26. Аттестация аттестациялык комиссия тарабынан академиялык маалымкатты карап чыгуу жолу менен жүргүзүлөт. Курсту аныктоодо окуу пландарындагы айырма, 7 дисциплинадан ашпоого тийиш. Бул үчүн кабыл алуучу ЖОЖ студенттин жекече окуу планын иштеп чыгып, бекитиши керек, анда окутула турган дисциплиналардын (же алардын бөлүмдөрүнүн) тизмеси, алардын көлөмү жана экзамен/зачет тапшыруунун белгиленген мөөнөтү каралышы керек. Академиялык айырма ошол академиялык жыл ичинде жоюлушу зарыл. 27. Окутуунун кредиттик технологиясын колдонгон ЖОЖдор үчүн академиялык айырма алынган кредиттерге ылайык транскрипт/баалоо баракчасынын негизинде окутулган дисциплиналардын аннотациясын берүү менен белгиленет. Академиялык айырма кредиттери (зачет бирдиктери) менен аныкталып, студенттин жекече окуу планына кошумча киргизилет. Аттестациянын жыйынтыгы менен аттестациялык комиссия жыйындын протоколун даярдайт (2-тиркеме). Калыбына келтирүү жөнүндө маселе оң жагына чечилсе калыбына келтирүүгө байланыштуу окууга кабыл алуу жөнүндө буйрук чыгарылат. 28. Эгер окуудан чыгарылганга чейин студент ЖОЖдо эки семестрден аз окуган болсо, анда ал окуунун улантуу үчүн калыбына келтирүү укугуна ээ болбойт. 29. Тиешелүү окуу бөлүмчөсү тарабынан студенттин жаңы өздүк делосу жасалып, ага калыбына келтирүү жөнүндөгү арызы, академиялык маалымкаты, билими тууралуу документи, калыбына келтирүү тартибинде окууга кабыл алуу жөнүндөгү буйруктун көчүрмөсү, жекече окуу планы киргизилет. Студентке студенттик билет жана зарыл болсо, зачеттук китепче тапшырылат. 30. Мамлекеттик… Подробнее »