Туулганыгы тууралуу куболук

№120853 | 22.07.2026 | Просмотров: 18

Саламаттасыздарбы,

туулгандыгы тууралуу куболукту жоготуп алдык копиясы да жок болуп жатат, ID карта, загран паспорт бар.

Туулгандыгы тууралуу куболукту кантин калыбына келтирсек болот?

1 ответ
Участник
22.07.2026 14:54

Саламатсызбы,

Ооба, эгер туулгандыгы тууралуу күбөлүгүңүз жоголуп кетсе жана көчүрмөсү да жок болсо, бирок ID-картаңыз жана чет өлкөлүк паспортуңуз (загранпаспорт) бар болсо, анда туулгандыгы тууралуу күбөлүктү кайрадан алууга болот.

Эгер туулгандыгы тууралуу күбөлүгүңүз жоголуп кетсе, аны кайрадан алууга укугуңуз бар. Бул үчүн Калкты каттоо (ЖААК) органынын же Калкты тейлөө борборунун (КТБ) тиешелүү бөлүмүнө кайрылышыңыз керек,

Эгер сиз 18 жаштан өткөн болсоңуз, күбөлүк өзүңүзгө кайрадан берилет. Жеке инсандыгыңызды ырастоо үчүн ID-картаңыз же паспортуңуз жетиштүү болот.

Эгер туулгандыгы тууралуу актынын жазуусу ЖААКтын архивинде сакталган болсо, анын негизинде сизге туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн кайталанма нускасы берилет.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү төмөнкү учурларда көрсөтүлөт: күбөлүк жоголгондо, бузулганда, бланкы эскиргенде, ламинацияланганда же андагы текст менен мөөр окулбай калганда.

Эгер туулгандыгыңыз Кыргызстандын аймагында катталган болсо, кайсы жерде катталганына карабастан, тиешелүү орган аркылуу архивден маалымат суралып, күбөлүк кайрадан берилет. Эгер жазуу архивде табылбай калса, кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн.

Урматтоо менен,
Муратбек Азимбаев
720060, Бишкек шаары, Арстанбек Дуйшеев көчөсү, 8/1
Тел.: +996 700 987794; +996 776 987794; +996 550 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Электрондук почта: muratbek@azimbaev.pro
LinkedIn: https://www.linkedin.com/in/muratbek-azimbaev-91111a4a/
X (Twitter): @MuratbekAz
ӨТӨ МААНИЛҮҮ! Оң жактагы жогорку бурчта жайгашкан кызыл түстөгү «Дисклеймер» гипершилтемесин басып, дисклеймер менен сөзсүз таанышып чыгыңыз.

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв