Туулгандыгы тууралуу куболук
№105615 | 03.08.2023 | Просмотров: 1601
Туулгандыгы тууралуу куболукту жоготуп алдык ЗАГС та архивден запись таппагандыгы учун куболукту жаны ала албай жатабыз бул учурда кантип куболукту алсак болот жаран 18 жаштан ашкан. ID кард паспорт бар колумда
Саламатсызбы, Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 токтомуна) Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускама 1. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону ишке ашыруучу органдар тарабынан жүргүзүлөт. Төмөнкү жарандык абалдын актылары мамлекеттик катталууга тийиш: — туулгандыгы; — никелешүүсү; — никесинин бузулгандыгы; — фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү; — өлгөндүгү. 2. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону ишке ашыруучу органдар болуп төмөнкүлөр эсептелет: — жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган; — Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдук мекемелер. Жарандык абалдын актылары жөнүндө мыйзамдарда белгиленген чектөөлөр менен жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоого ыйгарым укуктар жарандык абалдын актыларын жазуу органдары жок болгон административдик-аймактык бирдиктердеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (айыл өкмөттөргө) өткөрүлүп берилиши мүмкүн. 3. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо арыз ээлери кайрылган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык системасында (мындан ары — «ЖААЖ» АМС) жарандык абалдын актысын жазууну түзүү жолу менен жүргүзүлөт жана кагазга басып чыгарылат. Мында кагаздагы жазууга арыз ээси жана кызматкер кол коёт, андан кийин жарандык абалдын актыларын жазуу органынын гербдүү мөөрү менен бекитилет. Жарандык абалдын актысын жазуунун электрондук түрдөгү текстинин кагаздагы текстинен айырмаланган учурда кагаздагы текст түп нуска болуп эсептелет. «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан көрсөтүлгөн жарандык абалдын актыларын каттоо күбөлүктөрү (туулгандыгы, никелешүү, никени бузуу, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү) өзүнүн колу коюлган жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн кагаз түрүндөгү документтер менен бирдей юридикалык күчкө ээ. С уважением, Муратбек Азимбаев тел.: +996 700 987794; +996 776… Подробнее »
2-глава. Жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөрдү кайрадан берүү тартиби 12. Күбөлүктүн бланкы жоголгондо, бузулганда, эскилиги жеткенде, ламинациялоодо, тексти жана/же мөөрү окулбай калганда жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк жазуу органы тарабынан арыз ээси кайрылган жер боюнча жана ал кайрылган күнү жарандык абалдын актыларын кайрадан берилет. 13. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк төмөнкүлөргө кайрадан берилет: — жашы жеткен учурда, жарандык абалдын актысын жазуу түзүлгөн адамга; — камкорчулук жөнүндө соттун чечими берилген учурда, эмгекке жарамсыз деп таанылган камкорчу адамдарга; — туугандык байланышын ырастоочу документтер (өлгөндүгү тууралуу күбөлүк) берилген учурда, өлгөн адамдын жакын тууганына; — эгерде туулгандыгы тууралуу актыны жазуу түзүлгөн адамдын күбөлүк кайрадан берилген күнгө карата жашы жете элек болсо ата-энесине (алардын ордундагы адамдарга) же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн, балдар үйлөрүнүн жана интернаттардын өкүлүнө; — жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктү кайрадан алууга укуктуу адамдан нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат берилген учурда башка адамга. Арыз ээсинин кайрылуусу боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан жарандык абалдын актыларын жазуунун бардык түрлөрү боюнча жарандык абалдын актыларын жазуудан көчүрмөлөр берилет. 14. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк төмөнкүлөргө кайрадан берилбейт: — ата-энеси (атасы же энеси) ата-энелик укуктарынан ажыратылган же ата-энелик укуктары чектелген баланын ата-энесине (ата-энесинин бирине) — баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү; — никеси бузулган адамдарга жана никеси жараксыз деп таанылган адамдарга — никелешүү тууралуу күбөлүк. Аталган адамдардын жана алар тарабынан ыйгарым укук берилген адамдардын арызы боюнча баланын туулгандыгын же никелешүүнү мамлекеттик каттоо фактысын ырастоочу көчүрмө берилет. Жарандык абалдын актылары… Подробнее »