Турак жай мулк

№111576 | 23.05.2024 | Просмотров: 1096

Эки болмолуу уй менин атымда турмуш курганга чейин бар болчу жолдошум менен ажырашкандан кийин тен ортодон болунуп калбайбы?

Подписаться
Уведомить о
2 ответов
Старые
Новые Популярные
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
23.05.2024 22:35

Саламатсызбы, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ҮЙБҮЛӨ КОДЕКСИ 2003-жылдын 30-августу № 201 (Акыркы КР 2022-жылдын 6-июнундагы № 41  Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык), 34-статья. Жубайлардын мүлкүнүн мыйзамдуу режим түшүнүгү Жубайлардын мүлкүнүн мыйзамдуу режими алардын ортосундагы менчик режими болуп саналат. Эгерде нике келишиминде башкасы белгиленбесе, жубайлардын мүлкүнүн мыйзамдуу режими колдонулат.   35-статья. Жубайлардын ортодогу менчиги 1. Никенин учурунда жубайлардын арттырган мүлкү алардын ортосундагы менчиги болуп саналат. 2. Никенин учурунда жубайлардын арттырган мүлкүнө (жубайлардын жалпы мүлкүнө) жубайлардын ар биринин иштеген ишинен, ишкердик жумушунан жана интеллектуалдык ишинин натыйжаларынан түшкөн кирешелер, алар алган пенсиялар, жөлөкпулдар, ошондой эле атайын максаттуу багыттамасы болбогон дагы башка акчалай төлөмдөр (материалдык жардамдын суммалары, оор жаракат алгандан же ден соолугуна дагы башкача залал келтирилгендин кесепетинен эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкондугуна байланыштуу төлөнгөн суммалар) кирет. Жубайлардын жалпы мүлкү катары, ошондой эле жубайлардын жалпы кирешелеринин эсебинен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр, баалуу кагаздар, пайлар, салымдар, кредит мекемелерине же дагы башка коммерциялык уюмдарга салынган капиталдагы үлүштөр жана кайсы жубайынын атына салынганына же акча каражаты жубайлардын кимиси тарабынан салынганына карабастан, никеде турган мезгилде жубайлар тарабынан арттырылган мүлк болуп саналат. 3. Жубайлардын жалпы мүлкүнө тиешелүү укук нике мезгилинде үй чарбасын жүргүзгөн, балдарын багып-тарбиялаган же башка жүйөлүү себептер менен өз алдынча киреше албаган жубайына да таандык болот.   36-статья. Жубайлардын жалпы мүлкүнө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө 1. Жубайлардын жалпы мүлкүнө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө жубайлардын өзара макулдугу… Подробнее »

Юрист
23.05.2024 22:39

37-статья. Жубайлардын ар биринин менчиги 1. Никеге турганга чейин жубайлардын ар бирине таандык болгон мүлк, ошондой эле никеде турган учурда жубайлардын бири мурас катары же дагы башка бекер бүтүмдөр боюнча алган белек (жубайлардын ар биринин мүлкү) анын менчиги болуп саналат. 2. Кымбат баалуу жана башка байлыктарга байланыштуу буюмзаттардан тышкаркы башка жеке пайдалануудагы (кийим-кечек, бут кийим жана башкалар) никеде турган мезгилде жубайлардын жалпы каражаттарынын эсебинен алынганына карабастан, аларды кайсы жубайы пайдаланып жүрсө, ошол жубайынын менчиги деп табылат. 38-статья. Жубайлардын ар биринин мүлкүнүн алардын ортосундагы менчик деп таанылышы Эгерде никенин мезгилинде жубайлардын ортосундагы мүлктүн же жубайлардын ар биринин мүлкүнүн эсебинен болбосо жубайлардын бирөөсүнүн эмгегинен ушул мүлктүн наркынан кыйла жогору турган салымдар жасалса (капиталдык ремонт, реконструкция, кайра жабдуу ж.б.), жубайлардын ар биринин мүлкү алардын ортосундагы мүлк деп таанылышы мүмкүн. 39-статья. Жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүү 1. Жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүү нике мезгилинде да, нике бузулгандан кийин да жубайлардын ар биринин талабы боюнча, ошондой эле жаза чараны жубайлардын жалпы мүлкүндөгү жубайлардын биринин үлүшүнө айландыруу үчүн жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүү жөнүндө кредитор тарабынан билдирүү жасалган учурда жүргүзүлүшү мүмкүн. 2. Жубайлардын жалпы мүлкү алардын макулдугу боюнча жубайлардын ортосунда бөлүштүрүлүшү мүмкүн. Жалпы мүлктү бөлүштүрүү жөнүндө жубайлардын макулдашуусу алардын каалоосу боюнча нотариаддык жактан ырасталышы мүмкүн. 3. Жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүүдө, ошондой эле бул мүлктөгү жубайлардын үлүштөрүн аныктоодо талаш-тартыш келип чыкса, ал сот тартибинде чечилет.… Подробнее »

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв по ссылке