Старый паспорт с визами, как получить данные

№105857 | 25.08.2023 | Просмотров: 1468

Саламатсызбы,

2020 жылы жаны паспорт алгам. эски паспортумду ЦОНдо алып калышкан, эски берилбейт бизде калат деп. Ал паспортумда чет олкого чыккан визаларым басылган эле. Копиясын да чыгарып алган эмес экенмин.Эми мага ошол паспортогу визалар керек болуп атат. Япониянын посольствосу паспорттогу визалардын кочурмолорун алып кел деп атат. Эски паспорттогу визалар жонундо маалыматты кайдан алсам болот. Эски паспорттогу данныйлар кайда сакталат. Эмне учун эски паспортту колго эле берип койбойт.

Тапшырыш керек деген закон барбы?

Рахмат

1 ответ
Старые
Новые Популярные
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Участник
25.08.2023 21:10

Саламатсызбы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы — паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006 жана 2020-жылдардын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө НУСКАМА 7. Улуттук паспортторду жок кылуунун тартиби 40. Алынып коюлган паспорттор аймактык бөлүмдүн кызматкери же чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери тарабынан төмөнкү жолдор менен жараксыз абалга келтирилет: — паспорттун маалыматтарын машина менен окула турган зонадан аймактык бөлүнүштүн тиешелүү электрондук журналына же чет өлкөдөгү мекеменин кагаз журналына киргизүү менен 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту, Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортун жана жалпы жарандык паспортту кагаз тешкич менен тешүү; — 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун 1-бетинен номерди кесип алуу, 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун калган беттери кагаз тешкич менен тешилет, мында паспорттун кесип алынган номери аймактык бөлүнүштүн тиешелүү журналына же чет өлкөдөгү мекеменин кагаз журналына чапталат. Чет өлкөдөгү мекеменин жооптуу кызматкери колдонууга жараксыз абалга келген, алып коюлган жалпы жарандык паспортторду жана/же 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортторду дипломаттык почта аркылуу тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жиберет. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган колдонууга жараксыз абалга келген жалпы жарандык паспортторду жана/же 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортторду белгиленген тартипте андан ары жок кылуу үчүн фельдъегердик байланыш аркылуу ведомстволук бөлүнүшкө жиберет. Жараксыз абалга келген паспорттор ыйгарым укуктуу органдын, ведомстволук бөлүнүштүн кызматкерлеринен турган комиссиянын мүчөлөрүнүн катышуусунда жок кылынат, ал эми 1974 жана 1994-жылдардын үлгүсүндөгү паспорттор улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин катышуусунда жок кылынат. С уважением, Муратбек Азимбаев тел.: +996 700 987794; +996… Подробнее »

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв по ссылке