Сельскохозяйственный Кооператив, штрафы

№117285 | 09.08.2025 | Просмотров: 50

Сельскохозяйственная коммерческое копператине ижарага берилген фонд жерин кыртышын буздун деп экология инспекциясы штраф салды, учурда тологону шарт жок, ошондо жетекчинин жеке менчигине арест койулабы?

Подписаться
Уведомить о
2 ответов
Старые
Новые Популярные
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Участник
09.08.2025 14:34

Нурланбек мырза, сиз сүрөттөп жаткан жагдай боюнча жетекчинин жеке мүлкүнө түздөн-түз камак салуумүмкүнчүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында чектелген жана бир нече шартка гана байланыштуу. 1. Юридикалык жак жоопкерчилиги Эгер айыл чарба кооперативиңиз юридикалык жак катары катталган болсо (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси), Кыргыз Республкиасынын «Кооперативтер жөнүндө» мыйзамы 2004-жылдын 11-июну № 70 (2023 жылдыын 29-ноябрындагы мызамынын редакциларына ылайык): Кооператив өзүнүн милдеттенмелери боюнча өз мүлкү менен гана жооп берет. Анын мүчөлөрү жана жетекчиси (төрага) кооперативдин карыздары боюнча жеке мүлкү менен жооп бербейт. Экологиялык инспекция салган айып (штраф) да кооперативдин карызы болуп саналат. «29-статья. Кооперативдин жана анын мүчөлөрүнүн мүлктүк жоопкерчиликтери   1. Кооператив өзүнүн милдеттенмелери боюнча ага менчик укугуна таандык бардык мүлккө жооп берет жана кооперативдин мүчөлөрүнүн милдеттенмелери боюнча жооп бербейт. 2. Кооперативдин мүчөлөрү кооперативдин милдеттенмелери боюнча жооп беришпейт жана кошкон үлүштүк мүчөлүк акыларынын наркынын чегинде кооперативдин ишине байланыштуу чыгымдар боюнча тобокелди алышат. 3. Милдеттүү үлүштүк мүчөлүк акыларын толук кошпогон кооператив мүчөлөрү кооперативдин милдеттенмелери боюнча кооперативдин ар бир мүчөсүнүн милдеттүү мүчөлүк акысынын (үлүшүнүн) төгүлө элек бөлүгүнүн наркынын чектеринде бирдей жоопкерчилик тартышат. 4. Кооперативдин мүчөсүнүн күнөөсү боюнча кооперативге келтирилген чыгашалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана кооперативдин уставында белгиленген тартипте орду толтурулат. 5. Эгерде кооперативдин мүлкү жана каражаттары кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болгон учурда, кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечими боюнча кооперативдин мүчөлөрү тарабынан кошумча мүчөлүк акыларды төгүү каралышы мүмкүн. Кошумча мүчөлүк акылардын өлчөмдөрү милдеттүү үлүшүнө пропорциялуу, болбосо кооперативдин уставында аныкталгандай башкача тартипте аныкталат. Бул маселе боюнча чечим, эгерде кооперативдин уставында башкача каралбаса, кооперативдин бардык мүчөлөрүнүн үчтөн экиден кем эмесинин добушу менен кабыл алынат. 6. Кооперативдин мүчөсүнүн өзүнүн карыздары боюнча өндүрүп алууну анын… Подробнее »

Участник
09.08.2025 14:39

2. Жетекчинин жеке жоопкерчилиги качан пайда болот
Жеке менчикке камак салуу эки эле учурда мүмкүн:

2.1.Сот субсидиардык жоопкерчилик жүктөгөндө

  • Бул үчүн экологиялык инспекция же сот аткаруучу сотко кайрылып, жетекчи атайылап зыян келтиргенин, мүлктү жашырганын же мыйзам бузганын далилдеши керек.

2.2.Кооператив юридикалык жак болбой калганда

  • Эгер «кооператив» деген аталыш менен иш жүргүзүлүп жатса, бирок юридикалык жак катары каттоодон өтпөсө, анда катышуучулар милдеттенмелер боюнча жеке мүлкү менен биргелешип жана толук жооп беришет.

3. Штрафты өндүрүү тартиби

  • Экологиялык инспекция айып салгандан кийин чечим күчүнө кирет.
  • Эгер кооператив төлөбөсө, аткаруу барагы сот аткаруучуларга жөнөтүлөт.
  • Сот аткаруучу алгач кооперативдин эсептерин жана мүлкүнөн өндүрүүгө аракет кылат.
  • Жеке мүлккө өтүш үчүн соттун өзүнчө чечими керек.

Жыйынтык
Эгер сиздин кооператив юридикалык жак болсо жана сиз атайылап мыйзам бузуу же мүлктү жашыруу фактылары жок болсо — жетекчинин жеке менчигине камак салынышы мүмкүн эмес.

С уважением,
Муратбек Азимбаев
Бишкек, 720005, улица Болота Юнусалиева, 80, OloloPlanet 
тел.: +996 700 987794; +996 776 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Эл.почта: muratbek@azimbaev.pro
httрs://www.linkedin.com/in/muratbek-azimbaev-91111a4a/
Twitter: @MuratbekAz

ОЧЕНЬ ВАЖНО! Смотрите Дисклеймер в правом верхнем углу нажав гиперссылку выделенный красным шрифтом «Дисклеймер».

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв по ссылке