Военный билетимдин суротун кызым сыйрып жараксыз кылып салыптыр
№68997 | 22.10.2023 | Просмотров: 225
Менин военный билетимдин суротун кичинекей кызым сыйрып жараксыз кылып салыптыр.
Эми мен кандай кылсам болот суротту эле алмаштыртамбы же войенный билет восстановления кыламбы?
Саламатсызбы,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы №509 токтому менен бекитилген, Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобо httр://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/90176/85?cl=ky-kg&mode=tekst
67. Аскердик билеттерди, идентификациялык аскердик күбөлүктөрдү, убактылуу күбөлүктөрдү (аскердик билеттин ордуна), альтернативдик кызматтын кызматчыларынын күбөлүктөрүн, берүү коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипте жүргүзүлөт.
Аскерге милдеттүүлөрдүн күнөөсү боюнча жоголгон же жараксыз абалга келген жогоруда аталган документтердин көчүрмөсүн берүү Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылгандан кийин жүргүзүлөт.
Аскердик билеттерди, идентификациялык аскердик күбөлүктөрдү, убактылуу күбөлүктөрдү (аскердик билеттин ордуна), аскердик каттоого тургандыгы жөнүндө күбөлүктү, альтернативдик кызматтагы кызматкерлердин, даярдоо жана берүү тартибин Кыргыз Республикасынын коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.
Урматтоо менен,
Муратбек Азимбаев
тел.: 0700987794; 0776987794; 0550987794 WhatsApp, Telegram, Signal
Эл.почта: muratbeka@gmail.com
Skype: muratbek.azimbaev
кошумча:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БУЗУУЛАР ЖӨНҮНДӨ КОДЕКСИ 2017-жылдын 13-апрели № 58 (2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген)
289-берене. Аскердик-эсепке алуу документтерин пайдалануу эрежелерин бузуу
1. Аскердик-эсепке алуу документтерин пайдалануу эрежелерин аскерге милдеттүү же аскерге чакырылуучу тарабынан бузуусу, аларды бузууга же жоготууга алып келсе —
1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
27-берене. Айып пул
1. Айып пул акчалай жаза чарасы болуп саналат, бузууларды жасагандыгы үчүн жеке жана юридикалык жактарга ушул Кодексте белгиленген учурларда, өлчөмдө жана тартипте салынат.
2. Айып пул эсептик көрсөткүчтөр менен эсептелет.
3. Айып пул өлчөмү боюнча төмөнкүдөй сегиз категорияга бөлүнөт:
1) 1-категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн — 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн — 50 эсептик көрсөткүч;
Урматтоо менен,
Муратбек Азимбаев
тел.: 0700987794; 0776987794; 0550987794 WhatsApp, Telegram, Signal
Эл.почта: muratbeka@gmail.com
Skype: muratbek.azimbaev