Садик толонучуу акча боюнча
№113748 | 27.03.2025 | Просмотров: 81
Садике бала ооруп калган кундору барбай калган кундоруно бала бакса акча алганы туурабы.бала келсе да келбесе да толонот деп атат.
10кун барып 10кунун барбаган, акчасын перерасчёт кылып бериш керекпи закон боюнча .
Саламатсызбы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча бала бакчалардын акы төлөөсү көрсөтүлгөн кызматтарга жараша жүргүзүлүшү керек. Эгерде бала бакча кызмат көрсөтпөсө (мисалы, бала ооруп, барбай калса), анда ата-эне бул күндөр үчүн акы төлөөдөн бошотулат же кайра эсептөөгө (перерасчетко) укуктуу. Негизги негиздер: 1. Керектөөчүлөр жөнүндө мыйзам 1997-жылдын 10-декабры № 90 «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республкиасынын мыйзамы (акыркы редакциясы 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 мыйзамга ылайык), керектөөчү (ата-эне) көрсөтүлгөн кызмат үчүн гана төлөйт. Эгерде кызмат көрсөтүлгөн жок болсо — акча алынбашы керек. Мисалы: 4 жана 46 беренелер: Керектөөчү тийиштүү сапаттагы кызматты алууга, ошондой эле кызмат көрсөтүлбөсө, келишимден баш тартууга укуктуу. 2. Бала бакчалардын типтүү жобосу (мектепке чейинки билим берүү мекемелери үчүн) Анда көрсөтүлгөн: Эгерде бала ооруп калса, жана бул медициналык справка менен тастыкталса, ошол күндөр үчүн акы алынбайт же перерасчет жүргүзүлөт. ✅ Эмне кылыш керек? 1. Баланын ооруп калганы тууралуу справка (даргерден же амбулаториядан) алып коюңуз. 2. Садикке расмий түрдө (жазуу түрүндө) кайрылыңыз жана келбей калган күндөргө перерасчет жүргүзүп берүүнү сураныңыз. 3. Эгер баш тартса — сиз муниципалдык билим берүү бөлүмүнө же Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жергиликтуу керектөөчүлөрдун укуктарын коргоо… Подробнее »