Развод, имущество кантип болушсок болот?

№75434 | 11.01.2020 | Просмотров: 303

Куйом экообуз жашаганыбызга 5 жыл болду , балалуу болгон жокпуз аракет кылдык даарыландык болгон жок , ажырашалы деп чечтик уйлонгондон киймн

Участок алып уй салдык, жаны уйлонгондо эч нерсебиз жок болчу , закс бар имущество кантип болушсок болот?

Менндагы эмгегим бар ошол уйдо

Подписаться
Уведомить о
2 ответов
Старые
Новые Популярные
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Участник
12.07.2021 10:30

Саламатсызбы. Учурда катталган никениз ажыратылышы керек. Андан кийин экөөнүздөр келишип мүлктү бөлсөнүздөр болот. Эгерде келишүүгө мүмкүн болбосо анда сот аркылуу бөлүнөт.

Участник
12.07.2021 11:28

Саламатсыналарбы, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ҮЙБҮЛӨ КОДЕКСИ 2003-жылдын 30-августу № 201 7-Глава. Жубайлардын мүлкүнүн мыйзамдуу режими 34-статья. Жубайлардын мүлкүнүн мыйзамдуу режим түшүнүгү Жубайлардын мүлкүнүн мыйзамдуу режими алардын ортосундагы менчик режими болуп саналат. Эгерде нике келишиминде башкасы белгиленбесе, жубайлардын мүлкүнүн мыйзамдуу режими колдонулат. 35-статья. Жубайлардын ортодогу менчиги 1. Никенин учурунда жубайлардын арттырган мүлкү алардын ортосундагы менчиги болуп саналат. 2. Никенин учурунда жубайлардын арттырган мүлкүнө (жубайлардын жалпы мүлкүнө) жубайлардын ар биринин иштеген ишинен, ишкердик жумушунан жана интеллектуалдык ишинин натыйжаларынан түшкөн кирешелер, алар алган пенсиялар, жөлөкпулдар, ошондой эле атайын максаттуу багыттамасы болбогон дагы башка акчалай төлөмдөр (материалдык жардамдын суммалары, оор жаракат алгандан же ден соолугуна дагы башкача залал келтирилгендин кесепетинен эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкондугуна байланыштуу төлөнгөн суммалар) кирет. Жубайлардын жалпы мүлкү катары, ошондой эле жубайлардын жалпы кирешелеринин эсебинен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр, баалуу кагаздар, пайлар, салымдар, кредит мекемелерине же дагы башка коммерциялык уюмдарга салынган капиталдагы үлүштөр жана кайсы жубайынын атына салынганына же акча каражаты жубайлардын кимиси тарабынан салынганына карабастан, никеде турган мезгилде жубайлар тарабынан арттырылган мүлк болуп саналат. 3. Жубайлардын жалпы мүлкүнө тиешелүү укук нике мезгилинде үй чарбасын жүргүзгөн, балдарын багып-тарбиялаган же башка жүйөлүү себептер менен өз алдынча киреше албаган жубайына да таандык болот. 36-статья. Жубайлардын жалпы мүлкүнө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө 1. Жубайлардын жалпы мүлкүнө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө жубайлардын өзара макулдугу менен жүзөгө ашырылат. 2. Жубайлардын жалпы мүлкүн тескөө боюнча жубайлардын бирөөсү тарабынан жасалган бүтүм экинчи жубайынын макулдук берген жүйөсү болбогону боюнча жана анын талабы боюнча гана жана эгерде бүтүм жасаган башка тарап экинчи жубайынын бүтүмдү жасоого… Подробнее »

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв по ссылке