125-статья. Иш жылына киргизилүүчү, акы төлөнүүчү ар жылдык өргүү алууга укук берүүчү мезгилдер
Акы төлөнүүчү ар жылдык негизги өргүү алууга укук берүүчү иш жылына төмөндөгүлөр кирет:
иш жүзүндөгү иштеген убактысы;
кызматкер иш жүзүндө иштебеген, бирок мыйзамдарга, башка ченемдик укуктук актыларга ылайык анын жумуш (кызмат оруну) орду, анын ичинде ар жылдык өргүү убактысы сакталган убактысы;
жумуштан мыйзамсыз бошотулган же четтетилген жана кийин мурдагы жумушуна кайра алынган учурдагы ишке аргасыз чыкпаган убактысы;
жамааттык келишимде, эмгек келишиминде же уюмдун локалдуу ченемдик актысында каралган убакыттын башка мезгилдери.
Акы төлөнүүчү ар жылдык негизги өргүү алууга укук берүүчү иш жылына киргизилбеген мезгилдер:
кызматкер жумушка жүйөлүү себепсиз (анын ичинде ушул Кодекстин 76-беренесинде каралган учурларда иштен четтетилгендигинен улам) келбеген убактысы;
бала мыйзамда белгиленген жашка чыкканга чейин аны багуу боюнча өргүү убактысы;
кызматкердин өтүнүчү боюнча эмгек акысы сакталбастан 14 календардык күндөн ашык мөөнөткө берилүүчү өргүүлөрдүн убактысы.
Эмгек шарты зыяндуу жана (же) коркунучтуу жумуш үчүн акы төлөнүүчү ар жылдык кошумча өргүүгө укук берүүчү иш жылына убакыттын тийиштүү шартына иш жүзүндө иштелген убакыт гана киргизилет.
Жогоруда көрсөтүлгөндөй, акы төлөнүүчү эмгек өргүү Сиз кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргөөгө чыгаар алдында ар жылдык акы төлөнүүчү өргүү укугунузду колонбогон жагдайларда кана Сиз каалаган өргүүгө чыгууга укугунуз бар.
Марзия
30.10.2024 22:58
Саламатсызбы, декреттик өргүүдөн жумушка чыкканмын 1-апрель 2024-жылда. Ушул жылдын 01-октябрынан өргүүгө чыксам болобу жана кандай төлөнөт? Рахмат
Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв по ссылке