Калган эки балага канча % менен пенсия чыгарылат? 

№67903 | 05.09.2021 | Просмотров: 942

3 бала менен пенсия алам «по утере кормильца» . Улуусу 23жашка чыкты окуусу бутту.

Калган эки балага канча % менен пенсия чыгарылат?

Рахмат

Подписаться
Уведомить о
1 ответ
Старые
Новые Популярные
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
06.09.2020 01:09

Саламатсызбы, Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамына ылайык 18-статья. Баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу пенсия алуу укугу 1. Эгерде баккан адамдын өлгөн күнгө карата ага майыптыгы боюнча пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон стажы болсо (ушул Мыйзамдын 15-статьясы), өлгөн адамдын багуусунда болгон эмгекке жараксыз үй-бүлө мүчөлөрү баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу пенсия алууга укуктуу. Эгерде баккан адамдын дайынсыз жок болгондугу белгиленген тартипте тастыкталса, дайынсыз жок болгондордун үй-бүлөлөрү өлгөн адамдардын үй-бүлөлөрүнө теңештирилет. Пенсия алуу үчүн зарыл болгон стажы пенсия бага турган адамга дайындалат, анын пенсиянын базалык бөлүгү ушул Мыйзамдын 10-статьясында аныкталган тартипте, болгон камсыздандыруу стажына теңдештирилип белгиленет. 2. Төмөндөгүлөр: а) 16 жашка толо элек балдар же андан чоңураак курактагы 18 жашка толгонго чейин майып болуп калган балдар (анын ичинде асырап алынгандар, өгөй балдар жана өгөй кыздар); б) эгерде алардын эмгекке жарактуу ата-энеси жок болсо, 16 жашка толо элек карындаштары, бир туугандары, неберелери; в) эгерде алар баккан адам өлгөн учурга карата пенсиялык куракка жетсе же майып болуп эсептелсе, ата-энеси, күйөөсү, аялы үй-бүлөнүн эмгекке жараксыз мүчөлөрү деп эсептелет. 3. Балдарга пенсиялар алардын баккан адамдын багуусунда болгон же болбогондугуна карабастан дайындалат. 4. Күндүзгү окуу формасы боюнча окуган бардык деңгээлдеги билим берүү уюмдарынын окуучулары багар-көрөрүнөн ажырап калса, окуусун бүткөнгө чейин, бирок 23 жаштан ашпаган куракка чейин пенсия алууга укугу бар.… Подробнее »

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв по ссылке