Неберем 2 жашта макулдук бербей жатат

№106898 | 13.11.2023 | Просмотров: 1409

Саламатсызбы,

менин неберем апасынын макулдугу жок сентябрдан бери биздин чон ата энесинин колунда. Келинибиз Россиялык башка улуттан, балабыз биз менен чогуу.

Апасы макулдугун бербей жатат эмне кылсак болот, себеби бакчага бере албай, медкароодон өткөзө албай жатабыз.

Неберебиз 2 жашта.

Алдын ала рахмат!

Подписаться
Уведомить о
1 ответ
Старые
Новые Популярные
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Участник
13.11.2023 13:54

Саламатсызбы, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ҮЙБҮЛӨ КОДЕКСИ 2003-жылдын 30-августу № 201  (2022-жылдын 6-июнундагы № 41  Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 71-статья. Баладан бөлөк жашаган ата-эненин (бири) ата-энелик укуктарын жүзөгө ашырышы   1. Баладан бөлөк жашаган ата-эненин бири аны менен катташууга, тарбиялоого жана багууга катышууга, баланын билим алуу маселесин чечүүгө укугу бар. Бала менен чогуу турган ата-эненин бири баланын башка ата-энесинин бири менен катташуусуна тоскоолдук кылбашы керек, эгерде мындай катташуу тулку-боюна жана психикалык жагынан дени сак, ыймандуу өсүп-жетилишине залал келтирбесе. 2. Баладан бөлөк жашаган ата-эненин укуктарын жүзөгө ашыруусунун тартиби тууралу ата-энелер жазуу жүзүндө макулдашуу түзүүгө укуктуу. Эгерде ата-энелер макулдашууга келе алышпаса, ата-эненин (экөөнүн бири) койгон талабы боюнча талаш-тартыш баланын кызыкчылыктарынан улам балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдүн катышуусу менен сот аркылуу чечилет. Баланын Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары, анын ичинде дарыланууга, спорттук жана башка мелдештерге, эс алууга, туугандары менен жолугушууга убактылуу жөнөп кетүүсүнүн маселеси боюнча ата-энелердин ортосунда талаш-тартыш болгон учурда, сот он жашка чыккан баланын пикирин милдеттүү түрдө эске алуу менен, ишти өндүрүшкө кабыл алган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен бул талаш-тартышты карайт жана чечет. 3. Соттун чечими аткарылбаганда күнөөлүү ата-эненин бирине жоруктар жөнүндө мыйзамдарда каралган чаралар колдонулат. Соттун чечими кара ниеттик менен аткарылбай калганда баладан бөлөк жашаган ата-эненин биринин талабы боюнча баланын кызыкчылыгын көздөө, анын пикирин эсепке алуу менен сот баланы ага өткөрүп берүү жөнүндө чечим чыгара алат. 4. Баладан бөлөк жашаган ата-эненин бири өз баласы жөнүндө тарбия берүүчү мекемелеринен, дарылоо мекемелеринен, калкты социалдык жактан коргоо мекемелеринен, дагы башка ушуга окшош мекемелерден маалымат алууга укугу бар. Ата-эненин бири тарабынан баланын өмүрүнө… Подробнее »

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв по ссылке