Апам уйго жатып оруп калды эле

№29830 | 29.11.2017 | Просмотров: 526

Менин суром апам уйго жатып оруп калды эле, ошол маал тилеке каршы жумушка чыкпай калдым. Ошол себептен улам мени статья менен уволить этип салыптыр.

Ошол мумкунбу эмне кылсам болот? Же айлык майанамды беришпейт.

Рахмат.

Подписаться
Уведомить о
1 ответ
Старые
Новые Популярные
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Участник
29.11.2017 12:40

Негизинен Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин талаптары боюнча (83-берене), аныкталбаган мөөнөткө түзүлгөн эмгек келишими, ошондой эле мөөнөттүү эмгек келишими анын колдонулуш мөөнөтү бүткөнгө чейин иш берүүчү тарабынан төмөнкүдөй учурларда бузулушу мүмкүн: булар, эгерде кызматкердин тартиптик жазасы бар болсо, ал бир нече ирет жүйөлүү себептерсиз эмгек милдеттенмелерин аткарбаса; кызматкер эмгек милдеттерин төмөнкүдөй бир жолу одоно бузса: а) ишке келбесе (жүйөлүү себептерсиз жумуш күнүнүн аралыгында 3 сааттан ашуун катары менен иште жок болсо). Кызматкерлердин айрым категорияларына карата мыйзамдарда жана уставдарда, тартип жөнүндө жоболордо эмгек милдеттерин бир жолку бузуулардын башка түрлөрү да каралышы мүмкүн. Мына, жогоруда белгилегендей, Сиз, апаңыз ооруп жумуш оордуна чыкпай калуу менен, эмгек кодексинде көрсөтүлгөн (жумуштан бошотууга) жагдайларды пайда кылгансыз. Андыктан, апаңыз ооруп калгандыгына байланыштуу, Сиз, жумушка келбей жаткан жагдайларды билдирүү менен (тиешелүү иш кагаздарды тиркеп) иш берүүчү жайга арыз таштап коюунуз шарт болчу (үй бүлөөлүк шарттарга байланыштуу кезексиз өргүүгө). Мындан сырткары, эгерде Сиз, жетекчилик тарабынан, Сизге туура эмес чечим чыгарылган деп эсептесениз, тиешелүү жактарга даттансаныз болот. Эмгек Кодексинде кызматкерге берилүүчү тартиптик жазалардын колдонуу тартиби жана шапрттары белгиленген. Анда: “Тартиптик жазалар уюмдун жетекчиси, ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан колдонулат. Тартиптик жаза колдонулганга чейин кызматкерден жазуу жүзүндөгү түшүнүк алынууга тийиш. Мындай түшүнүк берүүдөн баш тартуу, ал иш берүүчү тарабынан катталууга тийиш болгон акты менен жол-жоболоштурулат жана жаза колдонууга бөгөт боло албайт. Тартиптик жазаны колдоноордо кетирилген жоруктун оордугу, ал жасалган жагдайлар, мурдагы иштери эске алынат. Ар бир тартиптик жорук үчүн бир гана тартиптик жаза колдонулушу мүмкүн. Тартиптик жаза колдонуу жөнүндө буйрук (тескеме, токтом) кызматкерге ал чыгарылгандан кийин 3… Подробнее »

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв по ссылке