МВД, мен альтернатив кызмат отогом
№70565 | 22.01.2021 | Просмотров: 465
Асалому алейкум, урматуу юристер
Мен альтернатив кызмат отогом. Аскердик билетимде годный деп жазылган уйдо 3 адамбыз, агам офицер, атам жлк ушул военный билет менен МВД га кире аламбы??
Саламатсыналарбы, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 25-июлу № 102 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" httр://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/111956/10?cl=ky-kg&mode=tekst 0-берене. Укук коргоо органдарына кызматка кирүүнүн шарттары 1. Укук коргоо органдарына кызматка башка мамлекеттин жарандыгы болбогон, укук коргоо органдарында кызмат өтөөгө саламаттыгынын абалы жана психофизиологиялык маалыматтары боюнча жарактуу деп таанылган, дене-бойлук даярдыгы боюнча нормативдерди тапшырган, кызматкерлерге карата коюлган квалификациялык талаптарга жооп берген, аскердик кызматты өтөгөн же запастагы офицерлердин программасы боюнча аскердик даярдыктан өткөн же үй-бүлөлүк абалынан келип чыккан негиздер боюнча альтернативалык кызмат өтөгөн Кыргыз Республикасынын жарандары (мындан ары — жарандар) ыктыярдуу тартипте кабыл алынат. 2. Аскердик кызматтан, запастагы офицерлердин жана альтернативалык кызматтын программасы боюнча аскердик даярдыктан милдеттүү түрдө өтүү жөнүндө талаптар төмөнкүлөргө жайылтылбайт: 1) аялдарга; 2) укук коргоо органдарынын жогорку окуу жайларын же аскердик окуу жайларды, анын ичинде чет мамлекеттердин окшош окуу жайларын аяктаган адамдарга; 3) укук коргоо органдарынын жогорку окуу жайларына же аскердик окуу жайларга, анын ичинде чет мамлекеттердин окшош окуу жайларына окууга жиберилгендерге; 4) тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү атайын адистик билимдердин жана көндүмдөрдүн болушун талап кылган айрым кызматтарга. 3. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жогорку окуу жайларын же аскердик окуу жайларын, мамлекеттер аралык макулдашууларга же аларга ылайык түзүлгөн ведомстволор аралык макулдашууларга ылайык чет мамлекеттердин ушундай окуу жайларын күндүзгү, бюджеттик окутуу формасында бүтүргөн адамдарды укук коргоо органдарына кызматка кабыл алууда алардын окуган мөөнөтү атайын наам берилгенден кийин мөөнөттүү аскердик кызматты өтөөгө теңештирилет. 4. Укук коргоо органдарына кызматка кирип жаткан жарандарды медициналык жана психофизиологиялык текшерүүнүн натыйжалары боюнча конкреттүү укук коргоо органында кызмат өтөөгө жарактуулугу же жараксыздыгы жөнүндө… Подробнее »
Ички иштер кызматкерлерине карата коюлган талаптарга жооп берген, аскердик кызматты өтөгөн же запастагы офицерлердин программасы боюнча аскердик даярдыктан өткөн же үй-бүлөлүк абалынан келип чыккан негиздер боюнча альтернативалык кызмат өтөгөн Кыргыз Республикасынын жараны катары ыктыярдуу тартипте кызмат өтөсө болот.