Муниципалдык менчикти жеке ишкерге менчикке откоруп беруу тартиби
№105083 | 12.06.2023 | Просмотров: 1610
ЖӨБОнын муниципалдык менчигинде турган иштебей токтоп турган обьектини с последующим выкупом кантип ижарага берсе болот. же обьектинин ишке киргизүү үчүн жеке ишкерге кандай мыйзамдуу жол менен менчикке өткөрүп берсе болот.
Саламатсызбы,
«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2002-жылдын 15-марты № 37 (2020-жылдын 6-мартындагы № 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
11-статья. Муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу жана алып коюу
1. Муниципалдык менчиктеги мүлк сатып алуу-сатуу, менчиктештирүү же алмаштыруу жолу менен ажыратылышы мүмкүн.
2. Муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын чечиминин негизинде жүргүзүлөт. Муниципалдык менчиктеги мүлктү ажыратуу тартиби жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленет.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды копшогондо, муниципалдык менчиктеги мүлктү алып коюуга жол берилбейт.
12-статья. Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү
1. Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү, ушул статьянын 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган учурларды кошпогондо, менчиктештирүү усулдарынын бири менен жүргүзүлөт.
2. Өзгөчө учурларда жергиликтүү кеңештин чечиминин негизинде муниципалдык менчиктеги турак жай фондунун объекттерин менчиктештирүү жеке адамдардын менчигине акысыз негизде аларды өткөрүп берүү жолу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Эгерде муниципалдык менчик объекти белгиленген тартипте ачык тоорукка эки жолу коюлса жана сатылбаса, мындай муниципалдык менчик объектисин менчиктештирүү жергиликтүү кеңештин чечими боюнча тике сатуу жолу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
121-статья. Муниципиалдык мүлктү менчиктештирүү усулдары
1. Муниципиалдык мүлктү менчиктештирүү төмөнкү усулдар менен жүзөгө ашырылат:
— электрондук форматта өткөрүлүшү мүмкүн болгон аукциондо сатуу;
— конкурста сатуу;
— кийин сатып алуучу башкарууга берүү;
— кийин сатып алуучу ижарага өткөрүп берүү;
— чарбалык шериктердин жана коомдордун уставдык капиталдарына салым катары кошуу.
2. Муниципиалдык мүлктү менчиктештирүү усулдарын колдонуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жүргүзүлөт.
Урматттоо менен,
Муратбек Азимбаев
тел.: +996 700 987794; +996 776 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Эл.почта: muratbek@azimbaev.pro
Twitter: @MuratbekAz
ОЧЕНЬ ВАЖНО! Смотрите Дисклеймер в правом верхнем углу нажав гиперссылку выделенный красным шрифтом «Дисклеймер».
15-статья. Муниципалдык менчик объекттерин пайдаланууга жана ижарага берүү 1. Муниципалдык менчик объекттери жеке жана юридикалык жактарга пайдаланууга жана ижарага берилиши мүмкүн. Менчик ээлеринин көп квартиралуу үйлөрүнүн алдындагы жер участокторун кошуп, көп квартиралуу үйдүн имарат жайларындагы жалпы мүлктү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары пайдаланууга жана ижарага берүүгө укуксуз. Муниципалдык менчик объекттерин пайдаланууга жана ижарага берүү, ушул Мыйзамдын 16-статьясында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, жергиликтүү кеңештердин чечимдеринде каралгандан башка учурларда, электрондук форматта «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте өткөрүлүшү мүмкүн болгон тооруктарды өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт. 2. Тоорук өткөргөндө жана кыймылсыз муниципалдык мүлктү бир жылдык жана андан көбүрөөк мөөнөткө ижарага же пайдаланууга берүү жөнүндө келишим түзгөн учурда төмөнкүдөй жол-жоболор колдонулат: — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кыймылсыз муниципалдык менчикти ижарага же пайдаланууга берүү ниети жөнүндө табыштаманы кабыл ала тургандыгы тууралу кулактандыруу жарыялайт. Жазуу жүзүндөгү билдирүү коомдук жайларда илинүүгө жана массалык маалымат каражаттарында жарыяланууга тийиш; — кулактандырууда менчик, анын жайгашкан жери жана сыпатталышы, ижаралоо же пайдалануу укугун сатып алуунун эң төмөнкү баасы, ижаралоо же пайдалануу укугуна карата белгиленген шарттар же чектөөлөр, тендерди өткөрүү убактысы жана өтө турган жери көрсөтүлөт. Кулактандыруу сатыла турган күнгө кеминде 30 күн калганда жарыяланат; — ичине табыштама салынып, чапталган конверттер баарына көрүнөө болгон коомдук жайда элдин көзүнчө ачылат. Ижаралоо же пайдалануу укугу эң жогорку бааны жана бул бүтүм үчүн белгиленген шарттарды канааттандырган шарттарды сунуш кылган адамга берилет. Коомчулукка конкурстун жыйынтыгы, анын ичинде конкурсту жеңип алуучунун аты-жөнү, баасы жана бул бүтүм боюнча ар кандай чектөөлөр жөнүндө коомдук жайда илинген жазуу жүзүндөгү билдирүү аркылуу жана бул маалыматты мүлккө муниципалдык менчиктин… Подробнее »