Машина сатылган. ишеним кат аркылуу. ал Эми сатып алган балага оттубу?
№117109 | 17.07.2025 | Просмотров: 36
Саламатсызбы!
бизде ууна бар болчу Аны биз доверенность аркылуу эле сатканбыз. сатып алган бала 3 Айдан кийин озумо автоматический катталып калат Деген эле.мен азыркы кундо пособие ала албай жатам. жолдошундун атында Матиз клгусундогу ууна чыгып жатат деп.
Саламатсыңарбы!
1) 3 ай мурун сатканбыз деп жазып жатасыз. Конкреттүү дата керек. Анткени ишеним кат (доверенность) мөөнөтү бүткөн соң алган бала өзүнө Матизди каттай албайт.
2) ишеним кат (доверенность) же расписка кандай гана документ жазып берсеңер дагы, сатып алган бала өзүнө унааны расмий каттамайынча сиздин жолдошуңуз дагы эле унаанын менчик ээси болуп саналат. Эгерде матиз менен тиги бала кокустап же кырсыктаса, жолдошуңар дагы жоопкерчиликке тартылат, айып пул төлөйт ж.б.
3) Матизти сатып алган баланы таап, “Унаа” мамлекеттик мекемесине кайрылып, же Түндүк же Мбанк тиркемелери аркылуу, ал балага унааны катташыңар керек. Эгерде тиги бала байланышка чыкпаса, же унааны каттоодон качса анда милицияга арыз менен кайрылып,табышыңар керек.
Расмий унааңар каттоодон сатып алган баланын атына өтмөйүн сиздин жолдошуңуз унаанын менчик ээси болуп кала берет да, жөлөк пул да ала албайсыңар, унаа менен тиги бала кокустап кетсе да түйшүккө илинесиңер
урматтоо менен,
юрист Атыр Абдрахматова
кошумча консультация үчүн
+996773988813 вотсап кайрылсаңар болот
Саламатсызбы!
Сиздин жагдайыңыз боюнча түшүндүрмө төмөнкүдөй:
Эгерде унаа ишеним кат аркылуу гана берилсе (каттоо өткөрүлбөй), анда унаанын менчиги мыйзам боюнча дагы деле сиздин жолдошуңуздун атына катталган болуп эсептелет. Ишеним кат — бул убактылуу пайдаланууга жана башкарууга укук берет, бирок менчик укугун өткөрүп бербейт.
Унаанын жаңы ээси унааны өзүнө расмий каттатмайынча, мамлекеттик органдар (мисалы, Соцфонд же жөлөк пул төлөгөн органдар) бул унааны жолдошуңуздун менчиги катары карай беришет.
Сатып алуучу «3 айдан кийин автоматтык түрдө катталат» деп айткан болсо да, Кыргызстанда автоунаа автоматтык түрдө эч качан башка адамга катталбайт — бул жараян жарандардын өздөрү тарабынан мамлекеттик каттоо органына кайрылуу аркылуу жүргүзүлөт.
Эмне кылуу керек?
Жолдошуңуз унааны сатканын юридикалык жактан тактоо үчүн төмөнкүлөрдү кылышы керек:
Сатып алуучу унааны өзүнө каттатсын (техпаспортун алмаштырсын).Эгер сатып алуучу унааны каттабай жатса — унааны каттоодон чыгарып салышы мүмкүн, бирок бул үчүн нотариалдуу сатуу келишими же сот чечими керек болот.Унаанын каттоо органына (МВД) кайрылып, унаа иш жүзүндө башка адамда экенин көрсөтүп, каттоо менен байланышкан социалдык маселелер боюнча маалымкат алып көрүүгө болот. Жыйынтык:
Учурда унаа катталган бойдон жолдошуңуздун менчигинде турат. Бул пособие же башка мамлекеттик жөлөкпул алуу учурунда тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Сатып алуучу унааны өзүнө каттатууга милдеттүү.