Мать одиночка, кызым менин фамиляма жазылган

№110908 | 06.05.2024 | Просмотров: 327

Саламатсыздарбы!

ЗАГС жок, кызым менин фамиляма жазылган. Башка олкого чыгалы десем (предоставьте единственное свидетельство матери/опекуна вашего ребенка, выданное судом, или предоставьте нотариальное свидетельство вместе с переводом на английский язык, подтверждающее, что вы являетесь единственной матерью/опекуном ребенка ) ушуну жиберишти.

Бул свидетельствону соттон аламбы ошондо, созсуз сурашып же ушул нерсе керекпи башка олкого чыкканда?

Подписаться
Уведомить о
5 ответов
Старые
Новые Популярные
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Участник
08.05.2024 10:16

Саламатсызбы!

Бул маалымкат «форма 9» деп аталат орусча. Паспорт столго барсаныз беришет.

Нотариус аркылуу куболондургондон кийин чет мамлекетке апостиль менен жонотосуз.

Жылкыбаев Жанарбек
Участник
12.05.2024 01:40

саламатсыздар кызыныздын метрикасында атасы деген графада атасы бар болсо анда атасына кайрылуу керек

Суюналиева Айжан
Участник
07.05.2024 12:16

Саламатсызбы,

ЦОНдо ЗАГС болумуно кайрылып алсаныз болот.

С уважением Суюналиева А.Н.
тел. 0554 33-00-47 (вотсап)
Участник
07.05.2024 18:42

Саламатсызбы, Эгерде баланыныздын туулган жонундогу Куболкуто атасы жазылбаса, анда Куболуко апостиль койдуруп жана англис тилине которуп нотариус менен бекииниз. Апостилдеришу Апостиль коюунун тартиби жана шарттары жөнүндө НУСКАМА (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-октябрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык) АПОСТИЛДӨӨ ДЕГЕН ЭМНЕ? Документти апостилдөө – бул жөнөкөйлөштүрүлгөн мыйзамдаштыруу (документке башка мамлекеттин аймагында юридикалык күч берүү үчүн бир катар белгилүү формалдуу жол-жоболорду аткаруу). Бир мамлекеттин аймагында берилген документти мыйзамдаштыруу жол-жобосунун акыркы максаты катары аны башка мамлекеттин расмий органдарына берүү мүмкүнчүлүгү көздөлөт. Документти апостилдөө аны башка мамлекеттин расмий органдарына берүү зарыл болгон учурлардын бардыгында талап кылынат. Бул, алсак, Казакстанда берилген документ Казакстандын аймагында гана юридикалык күчкө ээ жана толук жарамдуу болуп пайдаланыла алат, бирок аны башка өлкөнүн расмий органдарына (мисалы, Түркиянын расмий мекемелерине) берүү үчүн апостилдөө талап кылынат дегенди билдирет. Бул эрежеге документтердин мыйзамдаштырууга тийиш болбогон айрым бир түрлөрү баш ийбейт. Документтерди мыйзамдаштыруунун түрлөрү жана өзгөчөлүктөрү Документтерди мыйзамдаштыруунун негизги эки түрү бар — «Апостиль» бурч мөөрүн коюу жана консулдук мыйзамдаштыруу. Мыйзамдаштыруунун бир түрүн тандоо ар бир белгилүү учурда документ бара турган өлкөгө, б.а., жыйынтыгында кайсы өлкөнүн расмий органдарына бериле турганына көз каранды. «Апостиль» бурч мөөрүн коюу (кээде бул жол-жобону «жөнөкөйлөштүрүлгөн мыйзамдаштыруу» же «апостилдөө» деп да аташат) консулдук мыйзамдаштыруу талабын алып салып, жөнөкөйлөштүрүлгөн мыйзамдаштыруу жол-жобосун — «Апостиль» бурч мөөрүн коюуну киргизген 1961-жылдын 5-октябрындагы Гаага конвенциясына кошулган өлкөлөргө жиберүү үчүн колдонулат. Бул жол-жобонун жөнөкөйлөштүрүлгөн деп аталышынын себеби – бир жагынан, апостилдөө кыйла тез жана бир гана ыйгарым укуктуу орган тарабынан иш жүзүнө ашырылат, ал эми экинчи жагынан, документ Гаага конвенциясына кошулган бардык өлкөлөрдүн аймагында юридикалык… Подробнее »

Участник
07.05.2024 18:51

«Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы 2000-жылдын 17-июлу № 61( 2023-жылдын 16-августундагы № 183 акыркы мыйзамдарынын редакцияларына ылайык),

40-статья. Бойго жете электердин чыгып кетиши
Кыргыз Республикасынын 18 жашка жете элек жарандары мыйзамдуу өкүлдөрүнүн нотариат тастыктаган өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасынан чыгып кете алышат. Мыйзамдуу өкүлдөрүнүн же алардын биринин өтүнүчү болбогондо, жашы жете электерге соттун чечими боюнча чыгып кетүүгө уруксат берилиши мүмкүн.

14төн 18 жашка чейинки балдардын чет өлкөгө туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынан чыгып кетиши алардын жазуу жүзүндө билдирилген жана нотариатта тастыкталган макулдугу бар болгондо гана ишке ашырылышы мүмкүн.

43-статья. Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун тариздөө тартиби
Кыргыз Республикасынан чыгып кетүү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун тариздөө Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жана 16 жашка чыккан Кыргыз Республикасынын жаранына анын жеке өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт.
16 жашка чыга элек жаранга жалпы жарандык паспортту тариздөө ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өтүнүчүнүн негизинде жүргүзүлөт. Ата-энесинин биринин өтүнүчү болбогондо, жалпы жарандык паспортту тариздөө соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт. Өтүнүчтө 16 жашка чыга элек жаран жөнүндө маалыматтар, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынан чыгып кетүү укугун чектеген жагдайлардын жоктугу жөнүндө көрсөтүлөт.
16 жашка чыга элек балага жалпы жарандык паспорт төмөнкүдөй жарактуулук мөөнөтү менен жол-жоболоштурулат:
— бала төрөлгөн учурдан тартып ал бир жашка чыкканга чейин — эки жылдык мөөнөткө;

— бир жаштан тартып ал 16 жашка чыкканга чейин — беш жылдык мөөнөткө.

Урматтоо менен,
Муратбек Азимбаев
тел.: +996 700 987794; +996 776 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Эл.почта: muratbek@azimbaev.pro

Twitter: @MuratbekAz

ОЧЕНЬ ВАЖНО! Смотрите Дисклеймер в правом верхнем углу нажав гиперссылку выделенный красным шрифтом «Дисклеймер».

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв по ссылке