Контракты кайтарып алууга укугум барбы
№121247 | 24.09.2026 | Просмотров: 19
Саламатсызбы
мен коллежде окуганыма 2чи жума кетип атат.
Мен 1-семетрдын контрактын тологом 37500сом
Мен Эми окуудан Оз калоом менен арыз жазып чыгайын деп атам
Мага контракттын канча пайызын кайтарып берууго миллеттуу жана менин окубаган кундорумдун контрактын талап кылууго укугум барбы
Бирок коп колледжде кайтарып берилбейт экен деп уктум
Саламатсызбы! Эгер сиз колледжде окууну өз каалооңуз менен токтотуп, келишимди бузуп чыккыңыз келсе, мыйзамда «контракттын белгилүү бир пайызы гана кайтарылат» деген жалпы эреже жок.
Демек, эгер сиз 37 500 сомду бир семестр үчүн алдын ала толугу менен төлөп, окууну семестрдин башталышынан 2 жума өткөндөн кийин токтотсоңуз, колледж автоматтык түрдө бардык 37 500 сомду кармап калууга укуктуу деп айтууга болбойт. Окубаган мезгилге туура келген сумманы кайтарып берүү маселесин коюуга укугуңуз бар.
Бирок кайтарыла турган сумма сөзсүз түрдө «окубаган күндөрдүн санына жараша» математикалык эсеп менен аныкталат деп да айтууга болбойт. Бул үчүн биринчи кезекте колледж менен түзүлгөн келишимди караш керек. Анткени анда төлөмдүн тартиби, семестрдин баасы, келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу жана акчаны кайтаруу шарттары көрсөтүлүшү мүмкүн.
Сиз колледжге окуудан чыгаруу жөнүндө арыз менен бирге келишимди бузуу жана окуу башталгандан кийинки иш жүзүндө көрсөтүлбөгөн билим берүү кызматтары үчүн төлөнгөн акчанын бөлүгүн кайтарып берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү талап берсеңиз болот.
Так канча сумма кайтарылышы керек экенин айтуу үчүн колледж менен түзгөн контрактыңызды көрүү керек.
Айнура Осмоналиева,
жеке нотариус
адрес: Бишкек ш., Исанова коч, 105/3, 1 этаж
телефон/WhatsApp: 0 555 770176