Кондоминиум

№92321 | 29.03.2022 | Просмотров: 282

Саламатсынарбы тсждан чыгыш учун арызды общий Бир барака эле жазабызбы же ар Бир квартира ээси Оз атынан жазабы?

чыгыш учун озум эле чыксам болобу?

Подписаться
Уведомить о
1 ответ
Старые
Новые Популярные
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Участник
29.03.2022 13:43

Саламатсыналарбы, «Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынынменчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы 2013-жылдын 9-июлу № 122 (КР 2017-жылдын 12-декабрындагы N 207 (12) Мыйзамынын редакциясына ылайык) 11-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигине мүчө болуу:   3. Турак жай менчик ээлеринин шериктигине мүчө болуу шериктиктин мүчөлүгүнөн чыгуу жөнүндө арыз берген учурдан тартып, же көп батирлүү үйдөгү турак же турак эмес жайга менчик укугу токтотулган учурдан тартып токтотулат. 21-берене. Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо   1. Эгерде турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун, шериктиктин башкармалыгынын, башкармалыктын төрагасынын же текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүнүн) чечими ушул Мыйзамга же Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, уставга карама-каршы келсе, анда турак жай менчик ээлеринин шериктигинин кандай болбосун мүчөсү сотко даттанууга укуктуу. 2. Турак жай менчик ээлеринин шериктиги менен анын мүчөлөрүнүн, ошондой эле турак жай менчик ээлеринин шериктиги менен башка жарандардын же юридикалык жактардын ортосундагы талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилүүгө жатат.   22-берене. Жайлардын менчик ээлеринин жалпы чыгашаларга катышуусу   1. Менчик ээлери турак жай менчик ээлеринин шериктигине мүчөлүгүнө карабастан, турак жай менчик ээлеринин шериктиги башкарган жалпы мүлктү күтүү боюнча жалпы чыгашаларга өздөрүнүн жалпы мүлктөгү үлүшүнө пропорциялуу түрдө катышууга милдеттүү. Жалпы мүлктү күтүүгө төлөмдөрдүн жана төгүмдөрдүн өлчөмү коомдун уставында белгиленген тартипте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык турак жай менчик ээлеринин шериктиги тарабынан аныкталат. 2. Тийиштүү төгүмдөрдү жана төлөмдөрдү төгүү ай сайын шериктиктин уставында каралган тартипте жүргүзүлөт. Турак эмес жайлардын менчик ээлери тарабынан жалпы мүлктү пропорциялуу эмес пайдалануу менен байланышкан сарптоолор алар тарабынан өздөрүнүн эсебинен жабылат. Жайларга бекитилген жалпы мүлктү жеке пайдалануу менен байланышкан менчик ээлеринин чыгымдары… Подробнее »

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв по ссылке