Кара кагаз
№94937 | 18.05.2024 | Просмотров: 2719
Кайнаатама кара кагаз албаптырбыз убагында уйдон эле кайтыш болгон.
Ошону кайдан алсак болод Каза болгонуна 9жылдай болду окшойт уйду оформления кылалы десек кайнаатамдын кара кагаз жок кен
Саламатсыналарбы,
Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы№ 90 токтомуна) Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускама
62. Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо арыз ээси кайрылган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүргүзүлөт.
63. Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо үчүн төмөнкүдөй документтер берилет:
— ыйгарым укуктуу саламаттык сактоо органы тарабынан берилген белгиленген үлгүдөгү өлгөндүгү тууралуу маалым кат;
— өлгөн адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ (паспорту, аскердик билети), болсо; — өлгөндүгүнүн фактысын белгилөө же адамды өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими;
3) негизсиз репрессияланган жана кийин «Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде акталган адамдын өлгөндүгүнүн фактысы жөнүндө компетенттүү органдар тарабынан берилген документ.
64. Өлгөндүгү жөнүндө төмөнкүлөр билдирүүгө милдеттүү: — өлгөн адамдын жубайы, башка үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле өлгөн учурда жанында болгон же өлгөндүгү жөнүндө башкача түрдө кабардар болгон кандай болбосун башка адам; — медициналык уюм же калкты социалдык коргоо мекемеси — эгерде адам ушул уюмда же мекемеде жүргөн учурда өлүмгө учураса;
— жазаларды аткаруу мекемеси — эгерде соттолгон адам эркиндигинен ажыратуу жайларында жаза өтөп жаткан мезгилде өлүмгө учураса;
— алгачкы текшерүү же тергөө органы — өлгөн адамдын ким экендиги аныкталбаган учурда, адамдын өлүмүнө байланыштуу же өлгөндүгүнүн фактысы боюнча тергөө жүргүзүлүп жаткан болсо;
— аскердик бөлүктүн командири — эгерде адам аскер кызматын өтөп жаткан мезгилде өлүмгө учураса.
…
67. ИЖПи жок Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан анын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин негизинде ошол адамга ИЖН ыйгарылгандан кийин жүргүзүлөт
71. Мыйзамда белгиленген тартипте өлдү деп таанылган адамдардын өлгөндүгүн каттоодо «Өлгөн датасы» графасына соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген дата жазылат. Эгерде соттун чечими менен адамдын белгилүү бир убакта өлгөндүгүнүн фактысы белгиленсе, анда өлгөндүгү тууралуу актыны жазууга өлгөн датасы болуп соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминде көрсөтүлгөн дата жазылат.
…
74. Чет өлкөлүк жарандардын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт: — өлгөндүгү тууралуу медициналык күбөлүктүн; — мамлекеттик же расмий тилге котормосу менен өлгөн адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү паспорт, котормочунун колу нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш; — качкындын күбөлүгү; — «Кайрылман» күбөлүгү
75. Жарандыгы жок адамдардын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
— өлгөндүгү тууралуу врачтык күбөлүктүн;
— жарандыгы жок адамдын жашап туруу укугу.
…
77. Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын бөлүмү өлгөндүгү тууралуу актыны жазуунун негизинде арыз ээсине өлгөн адамдын өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү берет. Өлгөн адамдын жакын туугандарынын арызынын негизинде өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү берүү талап кылынган учурда, аларга да «Кайталап берилди» белгиси менен өлгөндүгү тууралуу күбөлүк берилет. Өлгөн адамды көмүүгө жөлөк пул алуу үчүн белгиленген формадагы маалым кат арыз ээсине бир эле жолу берилет.
Өлгөн адамдардын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер алып коюлат жана акт боюнча калкты жана жарандык абалдын актылары каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тийиштүү түзүмдүк бөлүмүнө өткөрүп берилет.
С уважением,
Муратбек Азимбаев
тел.: +996 700 987794; +996 776 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Эл.почта: muratbeka@gmail.com
Twitter: @MuratbekAz