“Үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпул боюнча маалымат
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул, эгерде үй-бүлөнүн жан башына туура келген жыйынды кирешеси үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүнөн аз болгон шартта дайындалат. Жөлөкпулдун бул түрү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдарына үй-бүлө оор турмуштук кырдаалдан чыкканга чейин убактылуу колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Бүгүнкү күнү кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү 1000 сом, “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдун өлчөмү ар бир балага1 200 сомду түзөт.
Ал эми, бийик тоолу жана алыскы аймактарда жашаган жарандарга “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдун өлчөмү, тийиштүү райондук коэффициенттерди колдонуу менен эсептелет.
«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо жарандардын төмөндө белгиленген кирешелери эске алынат:
– айлык акы, акчалай камсыздоо, ар айлык материалдык жардам;
– ишкердик ишинен түшкөн кирешелер;
– жерди, үйгө караштуу участокту иштетүүдөн, мал чарбасынан түшкөн
кирешелер жана башкалар.
“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоодо үй-бүлөнүн үй-тиричилик техникасынын тактап айтканда муздаткычтардын, телевизорлордун, кир жуугуч машиналардын жана башкалардын болушу эсепке алынбайт.
Жөлөкпул дайындалбайт, эгерде үй-бүлөдө иштеген абалда кийинкилер бар болсо:
– завод чыгарган жылды кошкондо пайдалануу мөөнөтү 20 жылдан аз жеңил автомобиль;
– айыл чарба техникасы (трактор, комбайн);
– жүк ташуучу автомобиль жана микроавтобустар.
Ошондой эле, үй-бүлөдө майда мал жандыктардын саны үй-бүлөнүн бир мүчөсүнө 4төн ашык болгон учурда дагы дайындалбайт.
Ири мүйүздүү мал (ИММ) төмөнкүдөй майда жандыктардын (МЖ) шарттуу бирдиктерине которулат: 1 уй = 6 МЖ 1 торпок = 2,5 МЖ 1 жылкы = 7 МЖ 1 бука = 8 МЖ
«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо төмөнкү кирешелер эске алынбайт:
– пенсиянын бардык түрлөрү;
– мамлекеттик жөлөкпулдар;
– сөөк коюу үчүн жөлөкпулдар;
– кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар;
– стипендиялар жана жумушсуздук боюнча жөлөкпулдар.
«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу, бардык документтер берилген айдан кийинки айдын биринчи числосунан тартып бир жылдык мөөнөткө дайындалат, бирок бала 16 жашка чыкканга чейин гана.
«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоо маселелери боюнча толук маалымат жана консультация алуу үчүн жарандар социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык башкармалыктарына кайрыла алышат.
Урматтоо менен, Муратбек Азимбаев
720005, Бишкек шаары,
Болот Юнусалиев көчөсү, 80, OloloPlanet
Тел.: +996 700 987794; +996 776 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Эл. почта: muratbek@azimbaev.pro https://www.linkedin.com/in/muratbek-azimbaev-91111a4a/
X: @MuratbekAz ӨТӨ МААНИЛҮҮ! Жогорку оң бурчтагы кызыл түс менен белгиленген «Дисклеймер» гипершилтемесин басып, дисклеймерди караңыз.
Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв
Саламатсызбы,
“Үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпул боюнча маалымат
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул, эгерде үй-бүлөнүн жан башына туура келген жыйынды кирешеси үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүнөн аз болгон шартта дайындалат. Жөлөкпулдун бул түрү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдарына үй-бүлө оор турмуштук кырдаалдан чыкканга чейин убактылуу колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Бүгүнкү күнү кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү 1000 сом, “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдун өлчөмү ар бир балага1 200 сомду түзөт.
Ал эми, бийик тоолу жана алыскы аймактарда жашаган жарандарга “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдун өлчөмү, тийиштүү райондук коэффициенттерди колдонуу менен эсептелет.
«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо жарандардын төмөндө белгиленген кирешелери эске алынат:
– айлык акы, акчалай камсыздоо, ар айлык материалдык жардам;
– ишкердик ишинен түшкөн кирешелер;
– жерди, үйгө караштуу участокту иштетүүдөн, мал чарбасынан түшкөн
кирешелер жана башкалар.
“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоодо үй-бүлөнүн үй-тиричилик техникасынын тактап айтканда муздаткычтардын, телевизорлордун, кир жуугуч машиналардын жана башкалардын болушу эсепке алынбайт.
Жөлөкпул дайындалбайт, эгерде үй-бүлөдө иштеген абалда кийинкилер бар болсо:
– завод чыгарган жылды кошкондо пайдалануу мөөнөтү 20 жылдан аз жеңил автомобиль;
– айыл чарба техникасы (трактор, комбайн);
– жүк ташуучу автомобиль жана микроавтобустар.
Ошондой эле, үй-бүлөдө майда мал жандыктардын саны үй-бүлөнүн бир мүчөсүнө 4төн ашык болгон учурда дагы дайындалбайт.
Ири мүйүздүү мал (ИММ) төмөнкүдөй майда жандыктардын (МЖ) шарттуу бирдиктерине которулат:
1 уй = 6 МЖ
1 торпок = 2,5 МЖ
1 жылкы = 7 МЖ
1 бука = 8 МЖ
«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо төмөнкү кирешелер эске алынбайт:
– пенсиянын бардык түрлөрү;
– мамлекеттик жөлөкпулдар;
– сөөк коюу үчүн жөлөкпулдар;
– кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар;
– стипендиялар жана жумушсуздук боюнча жөлөкпулдар.
«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу, бардык документтер берилген айдан кийинки айдын биринчи числосунан тартып бир жылдык мөөнөткө дайындалат, бирок бала 16 жашка чыкканга чейин гана.
«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоо маселелери боюнча толук маалымат жана консультация алуу үчүн жарандар социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын аймактык башкармалыктарына кайрыла алышат.
https://mlsp.gov.kg/2025/02/13/%D2%AFj-b%D2%AFl%D3%A9g%D3%A9-k%D3%A9m%D3%A9k-ar-ajlyk-zh%D3%A9l%D3%A9kpul-boyuncha-maalymat/
Урматтоо менен,
Муратбек Азимбаев
720005, Бишкек шаары,
Болот Юнусалиев көчөсү, 80, OloloPlanet
Тел.: +996 700 987794; +996 776 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Эл. почта: muratbek@azimbaev.pro
https://www.linkedin.com/in/muratbek-azimbaev-91111a4a/
X: @MuratbekAz
ӨТӨ МААНИЛҮҮ! Жогорку оң бурчтагы кызыл түс менен белгиленген «Дисклеймер» гипершилтемесин басып, дисклеймерди караңыз.