Садике кантип запись кыла аласың?

№96555 | 10.06.2022 | Просмотров: 1972

3 жаштагы кызымды садикке регистрация кыла албай жатамын.
Мектепте мугалим болуп иштеймин.

Очередсиз киргизе аласыңбы?

3 ответов
Старые
Новые Популярные
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Участник
14.06.2022 12:14

Саламатсызбы,
Сиз техникалык жактан бала-бакчага каттодон отпой жатсаныз, анда Билим Министирлигине кайрылыныз.

Участник
15.06.2022 09:41

Саламатсыналарбы,

БАЛА БАКЧАГА ӨТҮНМӨ БЕРҮҮ0
Нускама
1
Баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлү жөнүндө маалыматтар
2
Бала жөнүндө маалыматтар
3
Бала бакчаны тандоо
4
Киргизилген маалыматтарды жөнөтүүнүн алдында текшерүү

Ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарына кабыл алуу үчүн арыз берүүгө нускама
КАНТИП КОЛДОНУУ КЕРЕК?Колдонуу үчүн, төмөнкү маалыматты толтуруңуз:1. Балага ким экениңизди көрсөтүңүз?Ата;Эне;Мыйзамдуу өкүл (бул пунктту тандагандан кийин тиешелүү документти тиркөө керек).2. Баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлү жөнүндө маалымат:Жарандык;Идентификациялык жеке номери (ИЖН), аты-жөнү, паспорттук маалыматтары (сериясы, номери);Уюлдук телефондун номери;Негизги электрондук почта;Кошумча электрондук почта (Электрондук почталар логин, паролду калыбына келтирүү үчүн колдонулат);Артыкчылыгы (льгота) Бар/Жок.3. Бала тууралуу маалымат:Идентификациялык жеке номери (ИЖН), толук аты-жөнү, туулган жылы, баланын жынысы;Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн сериясы, номери;Билим алуу үчүн балдарга артыкчылыгы (льгота) бар/жок.4. Мектепке чейинки билим берүү уюмун тандоо:Окутуунун тили;Арыз берүүчү каалаган бала бакчаны тандай алат.5. Толтурулган форманы жөнөтүү алдында маалыматты карап чыгуу:Өтүнмөнү берүүдөн мурун арызда толтурулган маалыматтардын тууралыгын текшерүү зарыл.Арызыңызды ырастагандан кийин, Сиздин электрондук почтаңызга мектепке кирүү үчүн арыз ийгиликтүү кабыл алынгандыгы тууралуу билдирүү жөнөтүлөт

С уважением,
Муратбек Азимбаев
тел.: +996 700 987794; +996 776 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Эл.почта: muratbeka@gmail.com

Twitter: @MuratbekAz
ОЧЕНЬ ВАЖНО! Смотрите Дисклеймер в правом верхнем углу нажав гиперссылку выделенный красным шрифтом «Дисклеймер».

Участник
15.06.2022 09:43

5 КАДАМДАН 2
БАЛАНЫН АТА-ЭНЕСИ/МЫЙЗАМДУУ ӨКҮЛҮ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАРhttps://mektep.edu.gov.kg/application-preschool

МЧББУга кабыл алуудагы жеңилдиктери бар балдардын тобу:

ата-эненин камкордугунан ажыраган жетим балдар жана жарым жетим   балдар; I жана II топтогу майып ата-энелердин балдары; көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары (5 жана андан көп балалуулар);I жана II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдары бар үй-бүлөлөрдүн балдары;аскердик окуяларга катышкан ата-энелердин балдары (2002-жылы болгон Аксы окуясынын катышуучуларына, ошондой эле 2010-жылдагы июнь окуялары);аскердик милдетин аткаруу учурунда каза болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө;аскер кызматында запаста турган аскерлерге, милдеттерин аткарууга байланыштуу курман болгон кызматкерлердин жаракат жана жараат алгандыгы үчүн кызматтан кеткен үй-бүлөлөргө;аскер кызматкерлеринин балдары иштеп турган мезгилинде;МЧББУнун кызматкерлеринин балдары (МЧББУда иштеп турган мезгилинде);Мектепте иштеген мугалимдердин балдары (Мектепте иштеп жаткандыгы тууралуу маалымкаттын негизинде).Техникалык колдоо:

Call Center 119+996 (312) 988940+996 (220) 022196+996 (220) 022183+996 (220) 022381Иш убактысы: Дүйшөмбү-Жума саат 9:00дөн 18:00гө чейин
Түшкү тыныгуу: 12:30дан 13:30га чейин

Билдирүүнү алгандан кийин арыз ээси кандай документтерди МЧББУна берүүгө тийиш?скоросшивательбаланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү; ата-эненин (мыйзамдуу өкүлүнүн) паспортунун көчүрмөсү;толтурулган №26/У, жана №063/У медициналык формалар;кабыл алуу учурундагы баланын ден-соолугу тууралуу маалымкат;зарыл учурда республикалык жана шаардык психологиялык-медициналык- педагогикалык комиссиясынын баланы окутуу боюнча ондоо-түзɵɵ процесстери бүткөндүгүнө байланыштуу МЧББУнун жалпы өнүктүрүүчү тобуна которуу туралуу корутундусу.  

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв по ссылке