Как получить свидетельство о рождении если отец отказывается дать фамилию ребенку
№32016 | 09.02.2018 | Просмотров: 518
Суроо: биз жолдошум экообуз
2016 жылы баш кошконбуз ортодо 1
балабыз бар, балама куболук алынган эмес нике куболук да алган эмес элек. Балам
3айынан бери куйоом экообуз чогуу
жашабай, ажыраштык. Куболук алперем деп жатып алпербеди, эми озуно жаздырып ал, алып бербейм куболук деди. Эми озуму жаздырыш учун эмне кылышым кк, род.домдон туулганда берген кагазы бар.
Арадан 1 жыл отуп кетти,куболукту кандай жол мн алам? Баланын атасын алиментке бераламбы? Нике куболук да жок, баланы да озумо жаздырсам?
Кыргыз Республикасынын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамдын талаптары боюнча, Сиздин балаңызга туулгандыгы тууралу күбөлүк алуугу эч кандай тосколдуктар жок. Анткени, аталган мыйзам боюнча, туулгандыкты мамлекеттик каттоо үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат (14-берене). — төрөткөн медициналык мекеме тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу маалымкат, же болбосо медициналык мекемеден сырткары төрөгөн учурда тийиштүү саламаттык сактоо органы тарабынан ыйгарым укук берилген врач же башка медицина кызматкери тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу маалымкат; — ким экендигин тастыктаган баланын ата-энесинин (ата-энесинин биринин) документтери; — ата-энеси Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган, чет мамлекетте туулган балдардын туулгандыгынын фактысын ырастоочу, чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген документтер (туулгандыгы тууралуу медициналык маалымкат, реестрден көчүрмө, туулгандыгы тууралуу сертификат жана башка). Эгреде баланын ата-энеси өз ара никеде турган эмес болсо, баланын туулгандыгын жазуу актысына энеси жөнүндө маалымат жогорда аталган Мыйзамдын 17-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн тартипте киргизилет. Башкача айтканда, баланын энеси жөнүндө маалымат Мыйзамдын 14-беренеде көрсөтүлгөн документтердин негизинде, баланын атасы жөнүндө маалымат ата-энесинин нике тууралу күбөлүгүнүн… Подробнее »