Жердин доверенностунун срогун узартуу
№58400 | 16.01.2020 | Просмотров: 544
Саламатсыздарбы?
Биз жерди доверенность менен алганбыз.
Жакында срогу бүтөт, кантип узартсак болот? Бирок ал жердин кызыл китеби жок, только доверенность менен алганбыз?
Саламатсыздарбы?
Биз жерди доверенность менен алганбыз.
Жакында срогу бүтөт, кантип узартсак болот? Бирок ал жердин кызыл китеби жок, только доверенность менен алганбыз?
Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 203-беренесинин негизинде ишеним каттын эн узак мөөнөтү үч жыл болуп эсептелет, эгерде ишеним каттын мөөнөтү бүтүп жатса ишеним кат берген тарап кайрадан жаны мөөнөт менен ишеним кат берүүгө укугу бар.
Саламатсызбы,
саткан киши сизге доверенность жазып бергенде, сиз жердин ээси болбойсуз, саткан киши жердин ээси болуп кала берет.
Доверенность сизге ал жерди сатканга эле укук берет, срогу бутсо — сата албайсыз, жердин ээсине барып кайрадан доверенность алыш керек.
Жердин ээси болуш учун Госрегистрге барып сатып-алуу келишим тузуп алыш керек.