Баланар бир жашка чыкты дегенинизге караганда сиз декреттик оргуудо эмес, баланар уч жашка чыкканга чейин оргуу болгонсуз, андыктан сиздин оордунузга ошол моонотко башка адамды ишке алган болушу керек.
Андыктан, баланар бир жашка толгондугун жана уч жылга берилген оргуунордун моонотун кыскартып беруу жонундо жана жумушка чыгамын деп арыз менен иштеген жериниздин директордун атына арыз менен кайрылгыла. Ошол арыздын негизинде сиздин ордунуда иштеп жаткан адамды иштен чыгарып, сизди кайрадан озунуздун орунузга ишке койушат.
Эгерде директор ага болбой койсо, сотко арыз менен кайрылып, оз ордунузга ишке кабыл алууну милдеттендиру жонундо сот чечим чыгарып бериши мумкун.
Жумуш берүүчүнүн «бош орун жок» деген жообу мыйзамсыз. Сиз кайрадан жумушка орношуп жаткан жоксуз — мурдагы эмгек келишимиңиз боюнча өз кызматыңызга кайтып жатасыз.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 80-беренесине ылайык:
бала багуу боюнча өргүүнү бала 3 жашка чыкканга чейин толук же бөлүп пайдаланууга болот;
өргүү учурунда кызматкердин мурдагы жумуш орду жана кызмат орду сакталат;
кызматкер өргүүнү мөөнөтүнөн мурда токтотуп, жумушка чыга алат.
Сиздин ордуңузга убактылуу башка кызматкер алынган болсо, анын келишими негизги кызматкер — сиз жумушка чыккан күндөн тартып токтотулат. Бул жагдай сизди жумушка киргизбөөгө негиз болбойт. КР Эмгек кодекси
Жумуш берүүчүгө эки нускада төмөнкүдөй арыз бериңиз:
АРЫЗ
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 80-беренесине ылайык, бала багуу боюнча өргүүмдү 2026-жылдын «___» __________ тартып токтотуп, ошол күндөн баштап эмгек келишимимде көрсөтүлгөн __________ кызмат орду боюнча ишке киргизүүңүздү жана тиешелүү буйрук чыгарууңузду сурайм.
Күнү, колу.
Бир нускасына кабыл алынган күнү, кириш номери жана кол коюлуп, өзүңүздө калсын. Арызды кабыл алышпаса, заказдык кат менен жөнөтүңүз.
Эгер көрсөтүлгөн күнү жумушка киргизишпесе:
Жазуу жүзүндөгү баш тартууну талап кылыңыз.
Жумушка келгендигиңизди күбөлөр же акт менен каттаңыз.
Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматына даттаныңыз.
Сот аркылуу жумушка киргизүүнү жана аргасыз иштебей калган мезгил үчүн орточо эмгек акыны өндүрүүнү талап кыла аласыз.
Мындан тышкары, 3 жашка чейинки баласы бар аялды жумуш берүүчүнүн демилгеси боюнча бошотууга мыйзамда көрсөтүлгөн өзгөчө учурлардан тышкары жол берилбейт (Эмгек кодексинин 151-беренеси).
Баланар бир жашка чыкты дегенинизге караганда сиз декреттик оргуудо эмес, баланар уч жашка чыкканга чейин оргуу болгонсуз, андыктан сиздин оордунузга ошол моонотко башка адамды ишке алган болушу керек.
Андыктан, баланар бир жашка толгондугун жана уч жылга берилген оргуунордун моонотун кыскартып беруу жонундо жана жумушка чыгамын деп арыз менен иштеген жериниздин директордун атына арыз менен кайрылгыла. Ошол арыздын негизинде сиздин ордунуда иштеп жаткан адамды иштен чыгарып, сизди кайрадан озунуздун орунузга ишке койушат.
Эгерде директор ага болбой койсо, сотко арыз менен кайрылып, оз ордунузга ишке кабыл алууну милдеттендиру жонундо сот чечим чыгарып бериши мумкун.
Урматым менен, А. Сыдыков.
Контактар: 0701 680 480, же sydykov.alik61@mail.ru
Саламатсызбы!
Жумуш берүүчүнүн «бош орун жок» деген жообу мыйзамсыз. Сиз кайрадан жумушка орношуп жаткан жоксуз — мурдагы эмгек келишимиңиз боюнча өз кызматыңызга кайтып жатасыз.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 80-беренесине ылайык:
Сиздин ордуңузга убактылуу башка кызматкер алынган болсо, анын келишими негизги кызматкер — сиз жумушка чыккан күндөн тартып токтотулат. Бул жагдай сизди жумушка киргизбөөгө негиз болбойт. КР Эмгек кодекси
Жумуш берүүчүгө эки нускада төмөнкүдөй арыз бериңиз:
АРЫЗ
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 80-беренесине ылайык, бала багуу боюнча өргүүмдү 2026-жылдын «___» __________ тартып токтотуп, ошол күндөн баштап эмгек келишимимде көрсөтүлгөн __________ кызмат орду боюнча ишке киргизүүңүздү жана тиешелүү буйрук чыгарууңузду сурайм.
Күнү, колу.
Бир нускасына кабыл алынган күнү, кириш номери жана кол коюлуп, өзүңүздө калсын. Арызды кабыл алышпаса, заказдык кат менен жөнөтүңүз.
Эгер көрсөтүлгөн күнү жумушка киргизишпесе:
Мындан тышкары, 3 жашка чейинки баласы бар аялды жумуш берүүчүнүн демилгеси боюнча бошотууга мыйзамда көрсөтүлгөн өзгөчө учурлардан тышкары жол берилбейт (Эмгек кодексинин 151-беренеси).
Урматтоо менен,
Муратбек Азимбаев
720060, Бишкек шаары, Арстанбек Дуйшеев көчөсү, 8/1
Тел.: +996 700 987794; +996 776 987794; +996 550 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Электрондук почта: muratbeka@gmail.com
LinkedIn: https://www.linkedin.com/in/muratbek-azimbaev-91111a4a/
X (Twitter): @MuratbekAz
ӨТӨ МААНИЛҮҮ! Оң жактагы жогорку бурчта жайгашкан кызыл түстөгү «Дисклеймер» гипершилтемесин басып, дисклеймер менен сөзсүз таанышып чыгыңыз.