1 ответ
Участник
04.10.2026 16:35

Саламатсызбы!

Суроо өтө кыска жазылгандыктан, жагдайды так аныктоо мүмкүн эмес.
Эгер MBank аркылуу акчаңыз сиздин макулдугуңузсуз алынып же которулуп кеткен болсо, дароо банкка кайрылып, операция боюнча маалымат алып, картаны/эсепти бөгөттөтүп, акчаны кайтаруу боюнча расмий арыз берүү керек. Эгер алдамчылык болсо, укук коргоо органдарына да арыз берилет.
Эгер сиз өзүңүз башка адамга MBank аркылуу акча которуп, эми аны кайтара албай жатсаңыз, анда жагдай башкача каралат: акча жаңылыш которулдубу, карызга берилдиби же товар/кызмат үчүн төлөндүбү — ошого жараша талап коюлат.
Так жооп бериш үчүн: канча сом, кимге жана эмне себептен которулганын, ошондой эле “акча алдырдым” дегенде эмнени айтып жатканыңызды жазыңыз.

Урматтоо менен,
Муратбек Азимбаев
720060, Бишкек шаары, Арстанбек Дуйшеев көчөсү, 8/1
Тел.: +996 700 987794; +996 776 987794; +996 550 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Электрондук почта: muratbeka@gmail.com
LinkedIn: https://www.linkedin.com/in/muratbek-azimbaev-91111a4a/
X (Twitter): @MuratbekAz
ӨТӨ МААНИЛҮҮ! Оң жактагы жогорку бурчта жайгашкан кызыл түстөгү «Дисклеймер» гипершилтемесин басып, дисклеймер менен сөзсүз таанышып чыгыңыз.

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв