Эгерде менин Ош мамлекеттик университетинен карызым болсо, чет жака чыга аламбы?
№101731 | 25.01.2023 | Просмотров: 1393
2020 жылы ОшМУнун Бизнес жана Менеджмент факультетине магистратурага тапшыргам. Бирок ал убакта ковид-19га байланыштуу офлайн окуу болгон эмес.Ошондуктан онлайн окубай, Россияга кетип калгам. Арызды болсо 2021-жылы март айында жазып телефон аркылуу жибергем. 2023-жылы январь айында аттестатымы алайын деп барсам 22000 сом контракт толошум керек экен.
Эгерде менин Ош мамлекеттик университетинен карызым болсо, чет жака чыга аламбы? Пограничная службадан кое береби?
Эгерде сот аткаруучу сыртка чыгууну чектеп салбаган болсо чыга бересиз. бирок сот аткаруучу салуу үчүн сизге чакыруу кагаздар келип кабардар болмоксуз.