1 ответ
Участник
07.11.2026 20:37

Саламатсызбы!

Кыргызстанда ата-энеси эч жерде иштебесе, эки баласына мамлекет тарабынан жөлөкпул алуу мүмкүнчүлүгү бар.
«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу үй-бүлөнүн кирешесине жана башка мыйзамда белгиленген шарттарга жараша, 16 жашка чейинки балдарга дайындалат.
Бирок ата-эненин жумушсуз болушу эле жөлөкпул автоматтык түрдө берилет дегенди билдирбейт. Үй-бүлөнүн жалпы кирешеси жана материалдык абалы текшерилет.
2026-жылдын ноябрь айына карата:
Бир балага
1 200 сом
Ай сайын
Эки балага
2 400 сом
Ай сайын
2026-жылдын 1-сентябрынан тартып «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун дайындоодо үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө эсептелген киреше 1 500 сомдон ашпоого тийиш.
Мындан тышкары, 2026-жылдын 1-июлунан тартып үч жашка чейинки балдарга үй-бүлөнүн кирешесине карабастан «Бала ырысы» жөлөкпулу каралган — ар бир балага 1 200 сом.

Тактап коюңузчу: эки балаңыз канча жашта? Ошого жараша кайсы жөлөкпулга укугуңуз бар экенин так түшүндүрүп берем.

Урматтоо менен,
Муратбек Азимбаев
720060, Бишкек шаары, Арстанбек Дуйшеев көчөсү, 8/1
Тел.: +996 700 987794; +996 776 987794; +996 550 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Электрондук почта: muratbeka@gmail.com
LinkedIn: https://www.linkedin.com/in/muratbek-azimbaev-91111a4a/
X (Twitter): @MuratbekAz
ӨТӨ МААНИЛҮҮ! Оң жактагы жогорку бурчта жайгашкан кызыл түстөгү «Дисклеймер» гипершилтемесин басып, дисклеймер менен сөзсүз таанышып чыгыңыз.

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв