Декрет оргуу кайтуу тууралу
№117214 | 31.07.2025 | Просмотров: 53
Саламатсызбы!
Менин суроом томондогучо, аялым откон жылы декретке чыккан быйыл мектепке кайтам деп арыз жазса, сени ордуна завучтун кызын алганбыз ошого сабак кылып берейин анан сени ишке алабыз дептир, ушул мыйзамдуубу, сураныч жооп берип коюнуз
Саламатсызбы, Сиз берген маалымат боюнча, аял баласы үчүн декреттик жана бала багуу өргүүсүндө болгондон кийин кайра жумушка кайтып келүүдө. Бул учурда Эмгек кодексинин 80-беренеси түз эле коргойт. Эмгек мыйзамына ылайык: 1.Бала багуу өргүсүндө жүргөн кызматкердин кызмат орду сакталат. 80-берененин 5-бөлүгү: «Көрсөтүлгөн кызматкерлерге бала багуу боюнча өргүү убагында иштеген орду (кызмат орду) сакталат.» 2.Администрациянын милдети – ошол эле кызмат ордуна кайтарып алуу. Кызматкер кайра келүүгө арыз бергенде, иш берүүчү анын мурунку ордуна же анын макулдугу менен окшош кызматка кайтарышы керек. 3.Жаңы кызматкердин келишимдик абалы: Сиздин ордуңузга убактылуу адам алынган болсо, ал кызматкердин эмгек келишими «сезондук» же «убактылуу» болушу керек эле, тагыраак айтканда – сиз кайтып келгенге чейин. Сиз кайтканда ал кызматкердин убактылуу келишими токтотулат, жана сиз ордуңузга кайтып келесиз. Мектеп администрациясынын аргументи (жумушту кечиктирүү): «Завучтун кызы сабак берип жатат, ошону бүтүрүп алабыз» деген себеп эмгек мыйзамына каршы келет.Иш берүүчү сиздин жумушка кайтуу укугуңузду созуп же башка адамдын кызыкчылыгына жараша кармап тура албайт. Жооп: Мыйзам боюнча аял бала багуу өргүсүнөн кийин арыз менен кайтып келгенде аны ошол эле кызмат ордуна дароо кабыл алышы керек.«Кийин алабыз» деген негиз мыйзамсыз. Эгер иш берүүчү баш тартса же созуп жатса, сиз: а) Жазуу түрүндө жумушка кайтам деп арыз бересиз. б) Арыздын көчүрмөсүнө «кабыл алынды» деген белгини койдуруп аласыз. в) Жооп болбосо – райондук эмгек инспекциясына жана сотко кайрылууга укугуңуз бар. Урматтоо менен, Муратбек Азимбаев Бишкек, 720005, Болот Юнусалиев көчөсү, 80, OloloPlanet тел.: +996 700 987794; +996 776 987794 WhatsApp, Telegram, Signal Эл. почта: muratbek@azimbaev.pro httрs://www.linkedin.com/in/muratbek-azimbaev-91111a4a/ Twitter: @MuratbekAz ӨТӨ МААНИЛҮҮ! Улууңуңарды кызыл менен белгиленген «Дисклеймер» деген гипершилтемеге басып, оң… Подробнее »