Биз Сон Кол жайлоосунда туристки Лагер ачык эле

№72750 | 22.04.2021 | Просмотров: 881

Саламатсыздар.

Биз Сон Кол жайлоосунда туристки Лагер ачык эле.

ошого тур фирмалар менен кантип байланышып клиент тарсак болот

Подписаться
Уведомить о
1 ответ
Старые
Новые Популярные
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Участник
22.04.2021 23:47

Саламатсыналарбы, Каратал–Жапырык мамлекеттик коругу (Каратал-Джапырыкский государственный заповедник; Karatal-Japyryk State Nature Reserve) — Кыргызстандагы Нарын облусунун аймагындагы бийик тоолуу коруктардын бири. Каратал-Ачаташ, Сон-Куль жана Чатыр-Куль тилкесине болунот. Каратал-Жапырык мамлекеттик коругу 1994-жылы 1-мартта Борбордук Теңир-Тоодогу (Тянь-Шандагы) уникалдуу жаратылыш комплекстерин, сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан жаныбарлар, ɵсүмдүктɵрдүн түрлɵрүн сактоо, аймактагы жалпы экологиялык баланстын туруктуу абалын камсыз кылуу иш аракеттерин кɵрүү, жаратылыш процесстеринин табигый агымын сактоону изилдɵɵ, табигый шартта эркин кɵбɵйүүсүн камсыз кылуу жана чектеш аймактарга жайылтуу максатында комплекстик корук катары түзүлгɵн. Бул корук Кыргызстандын Нарын облусунун Нарын жана Акталаа райондорунун аймагында, тоолуу Соң-Көл көлүнүн түштүгүндө, Коргоо тоосунун түш.-чыгышында, Кажырты суусунун оң курамы болгон Каратал менен Жапырык сууларынын алаптарында жайгашкан. https://kaktus.media/doc/404869_prirodnyy_zapovednik_karatal_japyryk_v_narynskoy_oblasti_v_fotografiiah.html "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы  2011-жылдын 3-майы № 18 (КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 132, 2015-жылдын 2-июлундагы № 142, 2018-жылдын 2-июнундагы N 58 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)  httр://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/203262/40?cl=ky-kg&mode=tekst негизинде:  Мамлекеттик жаратылыш коруктары — жаратылышты коргоочу жана илимий мекеменин статусу бар, ишинин максаты табигый процесстерди жана кубулуштарды, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын айрым түрлөрүн, типтүү жана уникалдуу экологиялык системаларды сактоо жана изилдөө болуп саналган өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы; Мамлекеттик жаратылыш коруктарын иштөө зоналарына бөлүү төмөнкүдөй зоналарды бөлүү жолу менен жүзөгө ашырылат: — өзөк зонасы (негизги зона); — буфердик зона; — корголуучу зона. 1. Өзөк зонада төмөндөгүлөргө багытталган иш-чараларды жүргүзүүдөн тышкары бардык чарбалык жана башка иштерге тыюу салынат: — жаратылыш комплекстерин табигый абалда кармоого, жаратылыш комплекстеринин жана алардын компоненттеринин антропогендик таасирдин натыйжасынан өзгөрүүлөрүн калыбына келтирүүгө жана болтурбоого; — санитардык жана өрткө каршы коопсуздукту камсыз кылуучу шарттарды сактоого; — экологиялык мониторингди жүзөгө ашырууга; — илимий-изилдөө иштерин аткарууга; — белгиленген режимдин сакталышына мамлекеттик контролду жүзөгө ашырууга. 2. Жарандардын мамлекеттик жаратылыш коруктарынын… Подробнее »

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв по ссылке