Кичинекей кызым бар

№95368 | 26.05.2022 | Просмотров: 265

Кичинекей кызым бар, пособия чагарсак болобу емнедер керек болот

Подписаться
Уведомить о
3 ответов
Старые
Новые Популярные
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Участник
26.05.2022 19:49

Мамлекет тарабынан жардам алуу учун райондук социалдык жардам беруу кызматына прописканар боюнча жашаган жерге кайрылгыла. Кызынарга алимент алсанар, соттун чечимин кошо ала баргыла. Ошол мекеме кана чечип бере алат.
С уважением, А. Сыдыков.
Контакты: a_sydykov@mail.ru или 0701 680 480.
Офис: г. Бишкек, ул. Кулиева, 20, 2-й этаж, кабинет 5.

Участник
27.05.2022 09:23

Саламатсыналарбы,

16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпул

Кайсы үй-бүлө “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун ала алат
«Үй-бүлөгө көмөктү» төмөнкү үй-бүлөлөр ала алат:
16 жашка чейинки балдары бар;Үй-бүлөдө бир адамга бир айлык киреше кепилденген эң төмөнкү кирешеден, б.а. 1000 сомдон төмөн болсо.«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун дайындоо үчүн кайда кайрылуу керек?
“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоо үчүн факт түрүндө жашаган жери боюнча эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылуу керек, муну менен катар катталган жери мааниге ээ эмес.
«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо кайсы кирешелер эсепке алынат?
«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо эске алынат:
– айлык акы, стипендия;
– ишкердик ишинен түшкөн кирешелер (салык органдарынын маалымкатынын негизинде);
– жерди, үйгө караштуу участокту иштетүүдөн, мал чарбасынан түшкөн кирешелер (айыл өкмөтүнүн маалымкатынын негизинде) жана башкалар.

«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо кайсы кирешелер эсепке алынбайт?
«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо төмөнкү кирешелер эске алынбайт:
– пенсиянын бардык түрлөрү;
– мамлекеттик жөлөкпулдар;
– сөөк коюу үчүн жөлөкпулдар;
– кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар;
– жумушсуздук боюнча жөлөкпулдар жана башкалар.

«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо мал-жандыктары жана транспорт каражаттары С уважением,
Муратбек Азимбаев
тел.: +996 700 987794; +996 776 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Эл.почта: muratbeka@gmail.com

Twitter: @MuratbekAz
ОЧЕНЬ ВАЖНО! Смотрите Дисклеймер в правом верхнем углу нажав гиперссылку выделенный красным шрифтом «Дисклеймер».

Участник
27.05.2022 09:25

«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо мал-жандыктары жана транспорт каражаттары кандай эсепке алынат?
Жөлөкпул дайындалбайт, эгерде үй-бүлөдө бар болсо:
иштеген абалдагы:– даярдоочу завод чыгарган жылы 20 жылдан аз колдонуу мөөнөтү болгон, ошондой эле даярдоочу завод чыгарган жылды кошкондо 20 жылдан ашык колдонуу мөөнөтү менен, кыймылдаткычынын 2000 жана андан ашык куб сантиметрдеги иш көлөмү бар жеңил автомашина (2 жана андан ашык литр);
– (трактор, комбайн);
– оор жүк ташуучу автомобиль;
– микроавтобус.
Үй-бүлөдө болгон айыл чарба жандыктары МЖдын шарттуу бирдиктерине которулгандан кийин, МЖдын саны үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө 4төн көп болсо.«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоо үчүн кайсы документтер керек«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоо үчүн кайсы документтер керек
паспорт;факт түрүндө жашаган жеринен үй-бүлө курамы тууралуу маалымкат;балдардын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк;үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси тууралуу маалымат;банктык маалымдаректер.Керек болгон учурда кошумча берилет:ишсиз эмгекке жөндөмдүү үй-бүлө мүчөлөрү үчүн иш менен камсыз кылуу органдарынан маалымкаттар;жердин өлчөмүн жана түшүмдүүлүгүн көрсөтүү менен жердин барлыгы тууралуу маалымкат;мал чарбасынын түрү жана саны тууралуу маалымкат;статусту же кирешени тастыктоо зарылдыгына жараша башка документтер«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун дайындоого ким кайрыла алат
Эгерде Сиз даттанууңузду караган органдардын чечими менен макул болбосоңуз, Сиз кабыл алынган чечимге сот тартибинде даттанууга укугуңуз бар
Бардык кызыктырган маселелер боюнча Сиз кайрыла аласыз:
жашаган жери боюнча эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына;Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин коомдук кабылдамасына тел. 66-01-07 аркылуу;Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматтык сайтына: http://www.mlsp.gov.kgС уважением,
Муратбек Азимбаев
тел.: +996 700 987794; +996 776 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Эл.почта: muratbeka@gmail.com

Twitter: @MuratbekAz
ОЧЕНЬ ВАЖНО! Смотрите Дисклеймер в правом верхнем углу нажав гиперссылку выделенный красным шрифтом «Дисклеймер».

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв по ссылке