Баланын укугу. Билим беруу.

№121213 | 18.09.2026 | Просмотров: 97

Егер балны биринчи класска баратурган убагы келип бирок мектепке бара албай калса кийинки жылы тогуз жашка чыгып калса мектепке биринчи класка кабыл алабыы

1 ответ
Участник
19.09.2026 09:10

Саламатсызбы!

Ооба, бала тогуз жашка чыкса да биринчи класска кабыл алынууга тийиш. Жашы өтүп кеткендиги мектепке кабыл алуудан баш тартууга негиз болбойт. Ар бир баланын жалпы билим алууга укугу бар жана негизги билим алуу милдеттүү.
Ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү:

  • жашаган жери боюнча мектепке арыз берет;
  • баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жана ата-энесинин паспортун тапшырат;
  • медициналык документтерин кошот;
  • баланын эмне себептен өз убагында мектепке барбай калганын түшүндүрөт.

Мектеп баланын даярдык деңгээлин аныктап, аны биринчи класска кабыл алат жана зарыл болсо кошумча педагогикалык жардам уюштурат. Кабыл алуудан оозеки баш тартылса, директордон жазуу жүзүндөгү жүйөлүү жоопту талап кылып, райондук же шаардык билим берүү бөлүмүнө, андан кийин прокуратурага же сотко кайрылууга болот.
Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» мыйзамы баланын билим алуу укугун кепилдейт. Демек, тогуз жашка чыкканы үчүн баланы мектептен тышкары калтырууга жол берилбейт. Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» мыйзамы⁠

Урматтоо менен,
Муратбек Азимбаев
720060, Бишкек шаары, Арстанбек Дуйшеев көчөсү, 8/1
Тел.: +996 700 987794; +996 776 987794; +996 550 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Электрондук почта: muratbeka@gmail.com
LinkedIn: https://www.linkedin.com/in/muratbek-azimbaev-91111a4a/
X (Twitter): @MuratbekAz
ӨТӨ МААНИЛҮҮ! Оң жактагы жогорку бурчта жайгашкан кызыл түстөгү «Дисклеймер» гипершилтемесин басып, дисклеймер менен сөзсүз таанышып чыгыңыз.

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв