Баланы башка адамга жаздыруу
№70976 | 14.02.2021 | Просмотров: 871
Саламатсызбы.
Кызым өзүмө катталган (мать одиночка). ( атасы таштап кеткен)
Эми башка турмушка чыксам ошол кишиге жаздырсак, кийин өз атасы келип талаша алабы?
Рахмат
Саламатсызбы! Баланын чыныгы атасы болуп эсептелген адам сот тартибинде талашышы мүмкүн.
Саламатсыналарбы, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ҮЙБҮЛӨ КОДЕКСИ 2003-жылдын 30-августу № 20 httр://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/1327/220?cl=ky-kg&mode=tekst 50-статья. Ата-энелер менен балдардын укуктарынын жана милдеттеринин келип чыгышына негиздер Ата-энелер менен балдардын укуктары жана милдеттери мыйзам тартибинде белгиленип ырасталган балдардын тегине негизделет. 51-статья. Баланын тегин аныктоо 1. Баланын энеден төрөлгөндүгү (энеси) баланын медициналык мекемеде энеден төрөлгөндүгүн тастыктоочу туулгандыгы тууралуу маалымдаманын негизинде, ал эми бала медициналык мекемеден тышкары жерде төрөлгөн учурда — тийиштүү саламаттык сактоо органы тарабынан ыйгарым укук берилген врач же медицина кызматкери берген же соттун чечими менен берилген баланын туулгандыгын ырастоочу маалымдаманын негизинде жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан аныкталат. 2. Эгерде бала өзара никеде турган адамдардан, ошондой эле нике бузулган, аны жараксыз деп тапкан же баланын энесинин жубайы өлгөн учурдан тартып үч жүз күндүн ичинде төрөлсө, эгерде башка жагдай далидденбесе, эненин жубайы (мурдагы күйөөсү) баланын атасы деп (ушул Кодекстин 55-статьясы) таанылат. Баланын энесинин жубайынын аталыгы алардын никеси жөнүндө жазуу менен ырасталат. 3. Эгерде баланын энеси баланын атасы өзүмдүн жубайым (мурдагы күйөөм) эмес деп билдирсе, балага карата аталык ушул статьянын 4-пунктунда же ушул Кодекстин 52-статьясында каралган эрежелер боюнча аныкталат. 4. Баланын энеси менен никеде турбаган адамдын аталыгын жарандык абалдын актыларын жазуу органына баланын атасы менен энесинин биргелешип жазган арызын берүү менен; энеси өлгөн, аракетке жөндөмсүз деп табылган, энесинин турган жерин билүүгө мүмкүн болбогон учурда же аны ата-энелик укуктардан ажыратканда — балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрдүн макулдугу менен баланын атасынын арызы боюнча, мындай макулдук болбогон учурда — соттун чечими боюнча аныкталат. Аталыкты аныктоо тууралу биргелешкен арыз берүү бала төрөлгөндөн кийин мүмкүн эмес же кыйынчылык туудурушу мүмкүн болгон болжолдоого негиз болуучу… Подробнее »
Саламатчылык, ооба талаша алат.
Саламатчылык,
Сот аркулуу гана жирок ото кыйын.
С уважением,
юрист Сулайманова Нурила Арстанкуловна
Юридическая компания "Бизнес Сервис Бишкек"
Адрес: город Бишкек, улица Горького 27/1,ТЦ "ВЕФА",8 этаж,802 кабинет
Контакты: +996778506142,+996500506142.