Балага жолок пул тууралуу
№30091 | 08.12.2017 | Просмотров: 984
Жолдошум РФ гражданини озум КР гражданинимин 3 балабыз бар улуусу 9 жашта ортончусу 7 жаш кичуусу 1 жаш 6 ай 2018 жылда бериле турган пособие ала аламынбы балдарымдын метиркалары Кыргызстандыкы алдын ала рахмат
Саламатсызбы. Кыргыз Республикасыннын Жогорку Кенеши тарабынан 2017-жылдын 21-июнунда кабыл алынган, 2018-жылдын 1-январынан колдонууга киргизиле турган “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында Мамлекеттик жөлөкпулдардын түрлөрү көрсөтүлгөн. Алар: 1) «балага сүйүнчү» — ар бир бала төрөлгөндө бир жолку жөлөкпул; 2) «балага жөлөк» — 3 жашка чейинки ар бир баланы багуу боюнча ар айлык жөлөкпул; 3) «үй-бүлөгө көмөк» — 3төн 16 жашка чейинки 3 жана андан көп баласы бар жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул; 4) «социалдык жөлөкпул» — пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул. Мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жана жашоо минимумун эске алуу менен экономиканын абалына жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын белгиленет. Сизге тиешелүү Мыйзамдын жагдайларын эске алганда, Баланы 3 жашка чейин багуу боюнча «балага жөлөк» ар айлык жөлөкпул ар бир балага алар 3 жашка чыкканга чейин дайындалат. Баланы 3 жашка чейин багуу боюнча «балага жөлөк» ар айлык жөлөкпулду дайындоо кайрылган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн баштап жүргүзүлөт. Баланы 3 жашка чейин багуу боюнча «балага жөлөк» ар айлык жөлөкпулу бала 3 жашка толгон айды кошуп алганда, бала 3 жашка чыкканга чейинки мөөнөткө дайындалат (Мыйзамдын 8-беренеси). 3төн 16 жашка чейинки үч жана андан көп баласы бар жарандарга (үй-бүлөлөргө) «үй-бүлөгө көмөк» ар айлык жөлөкпул төмөнкүдөй дайындалат: 3 жашка чыккан жана алар 16 жашка толгонго чейин үчүнчү жана андан кийинки балдарга (Мыйзамдын 9-беренеси). Жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө тартиби аталган мыйзамдын 11-беренесинде көрсөтүлгөн. Анда, мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жөнүндө кайрылуу арыз кабыл алынган күндөн тартып 10 жумушчу күндөн ичинде каралуусу, арызды кабыл алуудан баш тартууга… Подробнее »