Сиңдим 3 баласы мн ажырашты
№113512 | 23.09.2024 | Просмотров: 273
Сиңдим 3баласы мн ажырашты, улуусу 4жаш, 2жарым жаш, 10 айлык.
Алимент 6миң төлөйт, дипломун балдардын күбөлүгүн бербей жатышат, сот көңүл буруп чечип бербей жатат, кайын журту сөйкө шакегине чейин алып алышты,эмне үчүн сиңдим өз буюмдарын ала албай, себиндеги төшөктөрү н да катып алышыптыр
Кыргыз Республикасынын Жарындык жана Уйбулоо кодексине ылайык, оз макамындагы мулкко эч кимдин кийилишууго жана тартып алуусуна тыйыуу салынат. Башкача айтканда сиздин туугандарыныз сиздин буюмдарынызды алууга укугу жок.
Соттун чечими менен жашы жете элек балдар ким менен калышса укуктарды күбөлөндүрүүчү документтер ошол киши менен калат.
Урматто менен, юрист
Азирет Даирович!
Тел: 0704554457
Саламатсызбы, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ҮЙБҮЛӨ КОДЕКСи 2003-жылдын 30-августу № 201 (акыркы 2022-жылдын 6-июнундагы № 41 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 35-статья. Жубайлардын ортодогу менчиги 1. Никенин учурунда жубайлардын арттырган мүлкү алардын ортосундагы менчиги болуп саналат. 2. Никенин учурунда жубайлардын арттырган мүлкүнө (жубайлардын жалпы мүлкүнө) жубайлардын ар биринин иштеген ишинен, ишкердик жумушунан жана интеллектуалдык ишинин натыйжаларынан түшкөн кирешелер, алар алган пенсиялар, жөлөкпулдар, ошондой эле атайын максаттуу багыттамасы болбогон дагы башка акчалай төлөмдөр (материалдык жардамдын суммалары, оор жаракат алгандан же ден соолугуна дагы башкача залал келтирилгендин кесепетинен эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкондугуна байланыштуу төлөнгөн суммалар) кирет. Жубайлардын жалпы мүлкү катары, ошондой эле жубайлардын жалпы кирешелеринин эсебинен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр, баалуу кагаздар, пайлар, салымдар, кредит мекемелерине же дагы башка коммерциялык уюмдарга салынган капиталдагы үлүштөр жана кайсы жубайынын атына салынганына же акча каражаты жубайлардын кимиси тарабынан салынганына карабастан, никеде турган мезгилде жубайлар тарабынан арттырылган мүлк болуп саналат. 3. Жубайлардын жалпы мүлкүнө тиешелүү укук нике мезгилинде үй чарбасын жүргүзгөн, балдарын багып-тарбиялаган же башка жүйөлүү себептер менен өз алдынча киреше албаган жубайына да таандык болот. 37-статья. Жубайлардын ар биринин менчиги 1. Никеге турганга чейин жубайлардын ар бирине таандык болгон мүлк, ошондой эле никеде турган учурда жубайлардын бири мурас катары же дагы башка бекер бүтүмдөр боюнча алган белек (жубайлардын ар биринин мүлкү) анын менчиги болуп саналат. 2. Кымбат баалуу жана башка байлыктарга байланыштуу буюмзаттардан тышкаркы башка жеке пайдалануудагы (кийим-кечек, бут кийим жана башкалар) никеде турган мезгилде жубайлардын жалпы каражаттарынын эсебинен алынганына карабастан, аларды кайсы жубайы пайдаланып жүрсө, ошол жубайынын менчиги деп табылат. 39-статья.… Подробнее »
2. Жубайлардын жалпы мүлкү алардын макулдугу боюнча жубайлардын ортосунда бөлүштүрүлүшү мүмкүн. Жалпы мүлктү бөлүштүрүү жөнүндө жубайлардын макулдашуусу алардын каалоосу боюнча нотариаддык жактан ырасталышы мүмкүн. 3. Жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүүдө, ошондой эле бул мүлктөгү жубайлардын үлүштөрүн аныктоодо талаш-тартыш келип чыкса, ал сот тартибинде чечилет. Жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүүдө сот жубайлардын талабы боюнча кайсы мүлк жубайлардын кимисине бериле тургандыгын аныктайт. Эгерде жубайлардын бирине берилип жаткан мүлктүн наркы ага тиешелүү үлүштүн наркынан ашып кеткен учурда, экинчи жубайына тиешелүү өлчөмдөгү акчалай же дагы башка компенсация ыйгарылышы мүмкүн. 4. Сот үйбүлө мамилелери токтотулган учурда жубайлардын ар бири өз алдынча жашаган мезгилде арттырган мүлкүн алардын ар биринин жеке мүлкү катары тааный алат. 5. Жашы жетпеген балдардын муктаждыгын канааттандыруу үчүн гана сатып алынган буюмдар (кийим-кече, бут кийим, мектеп жана спорт шаймандары, музыкалык аспаптар, балдар китепканасы жана башкалар) бөлүштүрүлбөйт жана балдар жубайлардын кимиси менен жашаса, ошого компенсациясыз берилет. Жубайлардын жалпы мүлкүнүн эсебинен алардын ортосундагы жашы жетпеген балдардын атына салынган аманаттар, ушул балдарга таандык деп эсептелинет жана жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүргөндө эсепке алынбайт. 6. Никенин мезгилиндеги жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүүдө жубайлардын бөлүштүрүлө элек жалпы мүлкүнүн бир бөлүгү, ошондой эле никенин мезгилиндеги жубайлар арттырган мүлк андан ары алардын ортосундагы мүлктү түзөт. 7. Никеси бузулган жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүү жөнүндө жубайлардын талаптарына карата никени токтотуу катталган учурдан тартып доонун эскиришинин үч жылдык мөөнөтү колдонулат. Сотко арыз менен кайрылыш керек. Сотто далилдеш керек сиздин жеке менчилигизди жана диплом менен аблдардын куболгу жонундо. Дипломду сиз бутургон университетте жана балдардын куболукторун ЦОН (Калк тейлоо борбору) же ЗАГСта кайрадан алсаныз… Подробнее »