Ажырашканга отказ беруу
№104654 | 03.05.2023 | Просмотров: 1444
Менин суроом мындай куйоомдун атасы жашаганыбызга каршы, куйоомдун жашайм дегенине карабастан сотко жетелеп алып барыптыр, арыз жаздыртып.
Эми куйоом кайра сотко отказ берем деп жатат мумкунбу?
Саламатсызбы, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДЫК ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ 2017-жылдын 25-январы №14 138-берене. Доо арызын кайтарып берүү 1. Сот доо арызды кайтарып берет, эгерде: 1) доогер талашты сотко чейин чечүүнүн мыйзамда же келишимде белгиленген тартиби сакталбаса жана бул тартипти колдонуу мүмкүнчүлүгү жоготулбаса; 2) иш бул сотко караштуу болбосо; 3) арыз аракетке жөндөмсүз адам тарабынан берилсе; 4) арыз кызыкдар жактын атынан берилсе жана ага кол коюуга жана сотко берүүгө ыйгарым укугу болбогон адам тарабынан кол коюлса; 5) ушул же башка соттун, бейтарап соттун өндүрүшүндө ошол эле тараптардын ортосунда, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча талаш тууралуу иш бар болсо; 6) күйөөсү аялынын макулдугусуз аялынын кош бойлуу учурунда же бала төрөгөндөн кийин бир жылдын ичинде никени бузуу жөнүндө доо койсо; 7) мамлекеттик алым төлөнбөсө; 8) доо арызын өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө аныктама чыгарылганга чейин доогерден доо арызын кайтарып берүү жөнүндө арыз түшсө. 2. Доо арызын кайтарып берүү жөнүндө сот жүйөлөнгөн аныктама чыгарат, аныктамада сот, эгерде иш бул сотко караштуу болбосо, арыз ээси кайсы сотко кайрылууга тийиш экендигин же болбосо ишти козгоого тоскоолдук кылган жагдайларды кантип жоюу керектигин көрсөтүүгө милдеттүү. 3. Арызды кайтарып берүү жөнүндө аныктама ал сотко келип түшкөн учурдан тартып беш күндүк мөөнөттө чыгарылууга жана арызга тиркелген бардык документтер менен кошо арыз ээсине тапшырылууга же жөнөтүлүүгө тийиш. 4. Доо арызын кайтарып берүү жөнүндө аныктама жокко чыгарылган учурда бул арыз сотко биринчи кайрылган күнү берилген деп эсептелет. 5. Доо арызын кайтарып берүү аны кайра кайтаруу үчүн негиз болгон жагдайлар жоюлгандан кийин ошол эле талап менен жалпы тартипте… Подробнее »
Саламаичылык!
Мумкун. Сот чечим чыгарганга чейин арызды кайтарып алса болот.