Ассалому алайкум кандайсиз

№121025 | 17.08.2026 | Просмотров: 12

Мен балла бакалавра жардамчы тарбиячы болуп иштаймын Хазарда декретом чигдым отпускала чыкдым андан Нари декретом чыгып она мага канча декретной Толанда керек

1 ответ
Участник
17.08.2026 08:54

Саламатсызбы,

Ооба, эгер сиз Кыргызстанда бала бакчада жардамчы тарбиячы болуп расмий иштесеңиз, кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө («декретке») чыкканда сизге декреттик жөлөкпул төлөнүүгө тийиш.
2026-жылдагы тартип боюнча иштеген аялга:

  • декреттин алгачкы 10 жумуш күнү үчүн — орточо эмгек акысынын 100%;
  • 11-жумуш күнүнөн баштап — айына 2 000 сом эсебинде мамлекеттик бюджеттен төлөнөт.

Кадимки учурда декреттик өргүү 126 календардык күн: төрөткө чейин 70 күн + төрөттөн кийин 56 күн. Татаал төрөттө же эки жана андан көп бала төрөлсө мөөнөт узартылат. Бул Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекстин 148-беренесинде каралган жана Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө Жобосунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 токтому менен бекитилген, сизге так канча сом төлөнүшү керек экенин эсептесе болот.

Бала бакчанын бухгалтериясы санап берет: 
1) айлыгыңыз канча сом;
2) декретке кайсы күнү чыктыңыз;
3) бала бакча кайсы район/шаарда жайгашкан;
4) декретке чыкканга чейин жылдык эмгек өргүүсүндө (“отпускада”) болгонсузбу жана канча күн?
Ошондо сомго чейин болжолдуу эсептесе болот.

Урматтоо менен,
Муратбек Азимбаев
720060, Бишкек шаары, Арстанбек Дуйшеев көчөсү, 8/1
Тел.: +996 700 987794; +996 776 987794; +996 550 987794
WhatsApp, Telegram, Signal
Электрондук почта: muratbek@azimbaev.pro
LinkedIn: https://www.linkedin.com/in/muratbek-azimbaev-91111a4a/
X (Twitter): @MuratbekAz
ӨТӨ МААНИЛҮҮ! Оң жактагы жогорку бурчта жайгашкан кызыл түстөгү «Дисклеймер» гипершилтемесин басып, дисклеймер менен сөзсүз таанышып чыгыңыз.

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв