Аскердик билет
№67133 | 09.08.2020 | Просмотров: 416
Мен юрфакты быйыл буттум.
Милицияга жумушка кирсемби дегем.
Бирок Аскердик билет алышым керек болуп жатат, 50000сом толоп 1айга барсамбы дегем, лейтенантский звания ала аласынбыю
Кандай кылсам болот?
Саламатсызбы! Сиз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-ноябрдагы №556 Токтому менен бекитилген "КР жарандарынын моблилизациялык резервдин жыйындарына чакыруунун жана өтүүнүн Тартиби" негизинде аскердик жыйынга чакыртылсаныз, жыйынды бүткөндөн кийин сизге аскердик-каттоо адистиги ыйгарылып тиешелүү белгилер коюлат.
Саламатсыналарбы, "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасыны мыйзамы 2019-жылдын 25-июлу № 102 httр://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/111956/10?cl=ky-kg&mode=tekst 10-берене. Укук коргоо органдарына кызматка кирүүнүн шарттары 1. Укук коргоо органдарына кызматка башка мамлекеттин жарандыгы болбогон, укук коргоо органдарында кызмат өтөөгө саламаттыгынын абалы жана психофизиологиялык маалыматтары боюнча жарактуу деп таанылган, дене-бойлук даярдыгы боюнча нормативдерди тапшырган, кызматкерлерге карата коюлган квалификациялык талаптарга жооп берген, аскердик кызматты өтөгөн же запастагы офицерлердин программасы боюнча аскердик даярдыктан өткөн же үй-бүлөлүк абалынан келип чыккан негиздер боюнча альтернативалык кызмат өтөгөн Кыргыз Республикасынын жарандары (мындан ары — жарандар) ыктыярдуу тартипте кабыл алынат. 2. Аскердик кызматтан, запастагы офицерлердин жана альтернативалык кызматтын программасы боюнча аскердик даярдыктан милдеттүү түрдө өтүү жөнүндө талаптар төмөнкүлөргө жайылтылбайт: 1) аялдарга; 2) укук коргоо органдарынын жогорку окуу жайларын же аскердик окуу жайларды, анын ичинде чет мамлекеттердин окшош окуу жайларын аяктаган адамдарга; 3) укук коргоо органдарынын жогорку окуу жайларына же аскердик окуу жайларга, анын ичинде чет мамлекеттердин окшош окуу жайларына окууга жиберилгендерге; 4) тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү атайын адистик билимдердин жана көндүмдөрдүн болушун талап кылган айрым кызматтарга. 3.… Подробнее »
Ички иштер министрлигиндеги вакансияла:
httрs://mvd.gov.kg/index.php/rus/for-citizens/jobs
httрs://mvd.gov.kg/index.php/kg/for-citizens-2/jobs
С уважением,
Муратбек Азимбаев
тел.: 0700987794; 0776987794; 0550987794 WhatsApp, Telegram, Signal
Эл.почта: muratbeka@gmail.com
Skype: muratbek.azimbaev