Арыздануу жана элдешүү

№72752 | 23.04.2021 | Просмотров: 1050

Саламатсыңарбы,

жолдошум кызганычтан менин билектеримен каттуу кармап тартып, көгөртүп салат.

Ачууланып мен корук ордунан алуу максатында анын үстүнөн участковыйга кайрылып арыз жазам. Ал жерден экспертизага жөнөтүшөт.

Убакыт өтүп биз жарашабыз жана мен арызымды кайтарып алайын дегенде, тергөөчү иш уголовный болуп калганын билдирип, эми судимость берилет деп жатат.

Ошондо мен арыздаануучу, элдешүү максатында арызымды кайтарып алсам болбойбу?

Подписаться
Уведомить о
1 ответ
Старые
Новые Популярные
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Участник
23.04.2021 09:46

Анча оор эмес кылмыш жасаган адам, эгерде ал жабырлануучу менен элдешсе жана келтирилген зыяндын ордун толтурса, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин тиешелүү беренелер тизмегинде көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча жазык жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн. 

Андыктан, баардыгы Сиздин жолдошунузга тагылган айыптын санкциясына көз каранды.

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв по ссылке