Армия, мобилизационный резерв

№69983 | 21.09.2023 | Просмотров: 255

Мобилизационный резервке тапшырыш учун 50000 бериш керек экен, ошонун ичинде формасын жол киресин расходтун баары ошол 50000дин ичиндеби?

Подписаться
Уведомить о
2 ответов
Старые
Новые Популярные
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Участник
21.12.2020 09:51

Саламатсыналарбы,

"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргызс Республкасыны Мыйзамы 2009-жылдын 9-февралы № 43

21-берене. Мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруу

1. Жыйырма эки жашка чыккан, аскердик жана альтернативдик кызматты өтөбөгөн жана райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдери менен чакыруу мөөнөтүн кийинкиге жылдырууга жана андан бошотууга ээ болбогон жарандар аларга карата укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоодон баш тарткан учурда мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө укуктуу.

2. Мобилизациялык резервдин жыйындары жарандардын республикалык бюджеттин кирешесине 500 эсептик көрсөткүч суммасында акчалай салым төлөөсүн жана узактыгы отуз күндүк аскер жыйындарынан өтүүсүн карайт.

Мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруунун жана андан өтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

3. Акчалай салым аскер жыйындарын өтүү башталганга чейин төлөнөт.

4. Мобилизациялык резервдин жыйындарына чакырылган жарандар Аскердик ант берет.

Мобилизациялык резервдин жыйындары аяктагандан кийин жаран запаска киргизилет жана биринчи категориядагы аскерге милдеттүүлөрдүн эсебине коюлат.

5. Жыйырма экиден кырк жашка чейинки курактагы, мурда ар кандай себептер боюнча альтернативдик кызматтан өткөн жарандар ушул Мыйзамда белгиленген тартипте мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө укуктуу.

Урматто менен,

Муратбек Азимбаев

тел.: 0700987794; 0776987794; 0550987794 WhatsApp, Telegram, Signal
Эл.почта: muratbeka@gmail.com
Skype: muratbek.azimbaev

Участник
21.12.2020 10:08

Кошумча,

"Кыргыз Республикасынын жарандарын мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруунун жана өтүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮ ТОКТОМУ 2016-жылдын 1-ноябры № 566

6. Райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына (мындан ары — аскер комиссариаттары) төмөнкүлөр жүктөлөт:

— жыйындарды өтүүнү каалаган жарандарды иликтөө жана тандоо;

— жыйындарга чакырылган жарандарды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүүнү уюштуруу;

— жарандарды жыйындарга чакыруу жана жөнөтүү;

— жыйындарды өтүү үчүн киргизилген жарандардын өздүк каттоосун жүргүзүү;

— жыйындарга чакырылган жарандарды аскер комиссариатынан топтоочу жерге чейин ташып жеткирүүнү жана кайра алып келүүнү уюштуруу;

— жыйындардан бошотулган аскер кызматкерлерин аскердик каттоого коюу;

— жыйырма эки жашка толгон жарандардын арасында мобилизациялык резервдин жыйындарынын өзгөчөлүктөрү жана мүнөздөрү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

7. Окуу борборлоруна (аскердик бөлүктөргө) төмөнкүлөр жүктөлөт:

— кабыл алуу жана камсыздоонун бардык түрүнө коюу, аскердик кийимдерди берүү, бөлүштүрүү жана жыйындарды өтүүгө келген аскер кызматкерлерин бөлүкчөлөр боюнча жайгаштыруу;

— аскер кызматкерлерин аскердик-каттоо адистиктери боюнча даярдоо;

— аскердик кызматты жана аскердик кызматтын коопсуздугун уюштурууну камсыздоо, аскердик тартипти сактоо жана жыйындарды өтөп жаткан аскер кызматкерлеринин ден соолугун сактоо;

— мобилизациялык резервдик жыйындардын аскер кызматкерлеринин аскердик антты алуусун уюштуруу;

— жыйындарды өткөн аскер кызматкерлерин запаска бошотуу.

8. Топтоо пункттарына төмөнкүлөр жүктөлөт:

— жарандардын жыйындарды өтүү үчүн төлөгөн акча каражаттарынын түшүшүн контролдоо;

— жыйындарга чакырылган жарандарды жыйындар өткөрүлүүчү жерге чейин жөнөтүүнү уюштуруу жана аларды кайра алып келүү;

— жыйындарды өткөн аскер кызматкерлери тапшыра турган аскердик кийимдердин комплектин кабыл алуу.

Урматтоо менен,
Муратбек Азимбаев

тел.: 0700987794; 0776987794; 0550987794 WhatsApp, Telegram, Signal
Эл.почта: muratbeka@gmail.com
Skype: muratbek.azimbaev

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв по ссылке