Алименты 2 детям разного брака

№70558 | 22.01.2021 | Просмотров: 803

Аялым экөөбүз ажырашып, ортобузда 1 кыз бар. Алиментке арыз берилди. Суммасы айлыгымдын 1/4 бөлүгү экен. Бирок мен буга чейинки 1-брактан да 1 кызыма алимент төлөп келаткан элем, анын да суммасы айлыгымдын 1/4 бөлүгү. Ошондо 2 кызыма айлыгымдын 50 пайызын төлөшүм керек экен.

Албетте, алимент төлөөдөн качпайм, бирок закондуу түрдө алименттин пайызын азайтса болобу, ошону билейин дедим эле. Эгер болсо, 1-брактагы алиментке өзүнчө, 2-брактагы алиментке өзүнчө арыз жазышым керекпи?

Рахмат

Подписаться
Уведомить о
3 ответов
Старые
Новые Популярные
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Участник
22.01.2021 20:38

Саламатчылык, 

Мыйзам менен эки балага маянаныздын 1/3 болугун толошунуз шарт. Андыктан кайрадан сотко кайрылышыныз керек. Бирок, бул процесс кичине кыйыныраак болот. Сизге ушул тармактагы адистин кенеши керек. Анан да сотто бут документтерди тактап барыш керек, ошондо гана алимент кыскартылсын деген чечим чыгат. 

Сизди урматтап, Нурила Сулайманова

0778-506-142, 0500-506-142 

Биздин дарек: Бишкек шаары, Вефа борбору, 8 этаж, 802 кабинет

Участник
22.01.2021 21:34

Эгерде алимент төлөө жөнүндө макулдашууга келалбай, сот тартибинде алименттин өлчөмү белгиленгенден кийин тараптардын бирөөсүнүн материалдык же үйбүлөлүк абалы өзгөрүлсө, сот тараптардын кайсынысынын талабы боюнча болбосун, алименттин белгиленген өлчөмүн өзгөртүүгө же алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын талабы боюнча аны төлөөдөн бошотууга укуктуу. Алименттин өлчөмүн өзгөрткөндө же аны төлөөдөн бошоткондо сот ошондой эле тараптардын көңүл буруусуна арзыган башка кызыкчылыктарды да эске алууга укуктуу. (Үй бүлөө кодексинин 124-статьясынын 2-бөлүгү).

Участник
22.01.2021 22:06

Саламатсынарбы!

Коллегамдардын жообуна кошумча! эки балага алган доходунардын 1/3 толонушу керек. Ал эми ошол сумманы ар бир балага тен болуп бергиле деп сотко арыз менен кайрылышыныз керек болот. Сот тарабына аныкталган алименттин суммасы соттун чечими менен кана озгортулгонго тийиш.  

Урматым менен, А. Сыдыков.

Контакттар: a_sydykov@mail.ru же 0701 680 480.

Оцените ответы (нравится/не нравится) нажав на значок слева!
Были ли ответы юристов полезны? Пожалуйста, оставьте свой отзыв по ссылке