Алименты, азыр ажырашканбыз келинчегим алимент толойсун деп сот аркылуу мага ограничения койуп койуптур
№60737 | 10.01.2022 | Просмотров: 233
Мен келинчегим менен 1-1,5 ай жашап анан ата-энеси алып кетип калган. Азыр ажырашканбыз келинчегим алимент толойсун деп сот аркылуу мага ограничения койуп койуптур. Ортобузда кызыбыз бар 5-6жашта загс жок куболук кайнатамдын атыга алынган кызыбызга алар мать одиночка деп акча алышат окмоттон. Мен гражданин Кыргызстан россияда жашайм кайра кантип кетем билетим бар россияга кайра кеткенге.
Кантип Кыргызстандан чыгам.
Саламатсызбы. Мыйзам боюнча сиз жашы жетпеген балаңызга алимент, ай сайын иштеп тапканыңыз жана (же) дагы башка кирешеңизден төрттөн бирин сизден сот аркылуу ондурууго тийиш.
Ошондуктан, эгер сиз алиментти бүгүнкү күнгө чейин төлөбөй келген болсоңуз, сот аткаруучулар тарабынан сизге Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө убактылуу чектөө коюлган.
Аткаруу органдарына кайрылып алимент боюнча карызыңызды кайра эсептетип төлөп берүүңүз шарт.
Башка жолу жок!