Кантип алимент алсам болот

№60665 | 08.01.2020 | Просмотров: 202

Алимент алууга соттун токтому чыгарылган.

Бирок 6айдан бери алимент төлөбөй жүрөт.
Алимент берүүчү Бишкекте иштеп, жашайт. Кантип алимент алсам болот.

Сот чечиминен кийин сот аткаруучу менен кандай байланышсам болот?
Кайра сотко арыз менен кайрылайынбы алимент берүүчүнүн ишканасын жазып?

Рахмат.

Подписаться
Уведомить о
2 ответов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
09.03.2020 01:18

Саламатсызбы. Соттун токтому чыккандан кийин сиз карызкордун жашаган дареги боюнча САКБна (Сот аткаруучулар кызматына) соттук буйрукту мажбурлоо түрүндө  аткаруу үчүн арыз менен кайрылууңуз керек.

Соттук буйрук аткаруу үчүн САКБга келип түшкөндөн кийин 6 айлык алимент эсептелет жана карызкорго тиешелүү чара, сот аткаруучу тарабынан көрүлөт.

Юрист
09.03.2020 14:33

Соттун алимент өндүрүү боюнча соттук буйрук берүү жөнүндө токтом болсо, анда соттук буйрук күчүнө алимент төлөөчү адам соттук буйрук тууралуу танышкандан кийин 10 күндүк мөөнүт өткөндөн кийин кирет, эгерде ал мөөнөттүн ичинде карызкор соттук буйрукту жокко чыгаруу үчүн каршы пикир менен кайрылса, Сиздин пайданызга жашы жете элек бала үчүн өндүрүлгөн алимент жокко чыгарылып доо өндүрүшү негизинде кайрылуунуз зарыл болот. Ал эми алимент доо өндүрүшү негизинде чыгарылган соттук чечим болсо, анда соттун чечими боюнча аткаруу барагын тиркеп сот аткаруучулар кызматына аткаруу өндүрүшгүн козгоо үчүн кайрыласыз.

Не забудьте оценить ответы (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!